СҮРӨТ — Токмокто кудук казып жаткан 3 адам каза болду

27-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 19

Кудук казып жаткан 3 жаран каза болуп, экөө оор абалда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүнүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан короонун ичинде 5 эркек киши кудук казып жаткан.

Казып жаткан учурда кудуктун ичинде аба жетпей 1 адам кулап калган, аны алып чыгам деп экинчиси кудука кирип, аба жетпей ал дагы кулаган. Калгандары дагы ушул эле иш-аракеттериди жасап, кудуктун ичинде аба жетпей калып кетишкен.

Кырсык катталган жерге Токмок шаарындагы өрткө-каршы куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, ИИМ жана тез жардам кызматы чакыртылып, жабыркаган жана каза болгон адамдарды 18 метр терең болгон кудуктан чыгарышкан.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши каза болгон (1980-ж.т. Х.Т., 1982-ж.т. Х.М., 1987-ж.т. Х.К.) жана 2 эркек киши (1989-ж.т. Х.Н., 1999-ж.т. Х.С.) жабыркаган.

Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери Токмок шаардык ооруканасына алып кетишкен. Ал эми каза болгон жарандардын сөөктөрү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Маалыматка ылайык, кудуктун тереңдиги 18 метр, туурасы 1 метрди түзөт. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, кудукту казып жаткан учурда тереңдиги 10 метрге жеткенде дизельдик майдын жыты пайда болгон.

Себеби жанында күйүүчү майды сактоочу база жайгашкан.

 

27-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X