«Сүймөнкул» мюзиклинин премьерасы өттү
2026-жылдын 28-мартында борбор калаада улуу сүрөтчү жана киноактёр Сүймөнкул Чокморовдун өмүрү-чыгармачылыгына арналган «Сүймөнкул» мюзиклинин премьерасы өттү. Мюзикл Кыргыз улуттук филармониясынын чоң сахнасында коюлду.
Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мюзиклде сүрөтчүнүн тагдыры аркылуу бүтүндөй доордун руху, улуттук аң-сезимдин калыптанышы жана искусствонун адамга тийгизген таасири көркөм чагылдырылды. Анда улуу таланттын балалык чагынан тартып чыгармачылык бийиктикке жеткен жолу, ички жан дүйнөсү менен болгон күрөшү жана руханий изденүүлөрү баяндалат.
Башкы ролдорду Аксай Мукамбетов, Курал Чокоев, Улан Качкыналиев, Салима Балтаева жана Миран Жанарбаев аткарды. Филармониянын чыгармачыл жамааты, фольклордук ансамблдер, бий топтору жана оркестр катышып, жандуу аткаруулар менен коштолду.
Мюзиклдин чыгармачыл тобунда либреттонун автору Акбар Кубанычбеков, башкы композитор Айжамал Алибаева, коюучу режиссёр Умарбек Кадыров жана башка өнөрпоздор бар.