"Эркин-Тоо"

С.Жапаров: «Кээ бир өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат…»

«Акыркы эки жыл ичинде короновирус пандемиясы элибиздин ден соолугуна жана алардын жашоо шарттарына кандай сокку ургандыгын жакшы билебиз. Бул бир гана Кыргызстан эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү үчүн чоң сыноо болду.

COVID-19 менен тынымсыз күрөшүп жатабыз. Бюджеттен каражат бөлүп берип, вакцина сатып алдык. Кээ бир өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер берилип жаткан вакцинаны алгандан эринип, кайдыгерлик мамиле кылган жарандарыбыз көп. Бул маселеге жергиликтүү бийликтен баштап, баарыбыз жапа тырмак киришип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек», — деди мамлекет башчысы Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде сөз сүйлөп жатып.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!