"Эркин-Тоо"

С.Жапаров кумар оюндары жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча талкуу уюштурууну сунуштайт

Президенттин басма сөз кызматынын билдирдирүүсү боюнча, Садыр Жапаров бардык тараптардын пикирлерин эске алуу үчүн чет мамлекеттердин жарандарына өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарынын ишин жандандырууну караштырган «Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча ар кандай аянтчаларда кошумча кеңейтилген талкуу уюштурууну сунуш кылат. Эгерде коомчулук чет мамлекеттердин жарандары үчүн өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарын калыбына келтирүү демилгесине караманча каршы болсо, анда президент өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган учурда вето коюуга даяр.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!