С. Жапаров: Мамлекеттик кызматта иштегендердин каржылык абалын көзөмөлдөп туруучу атайын электрондук база тез арада түзүлүшү керек

25-март, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 17

Мындай талап 25-мартта президент Садыр Жапаровдун Мамлекеттик каржылык чалгын кызматынын төрагасы Канатбек Тургунбеков менен жолугушуусунда коюлду. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдоо аракеттерине жана террордук ишмедүүлүктү каржылоого каршы натыйжалуу чаралар көрүлүшү керек экени белгиленди.
Ишкерлер менен кызматташтыкты бекемдеп, таза жана ачык башкарууну, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттырууну камсыз кылуу, өлкөдөн мыйзамсыз жана кылмыштуу жол менен чыгарылып кеткен активдерди издөө жана кайтаруу боюнча ишти жакшыртуу зарылдыгы айтылды.
Канатбек Тургунбеков Кылмыштуу кирешени адалдоого жана каржылык терроризмге каршы евразиялык топтун жыйыны өтүп, анда Кыргызстандын бул жааттагы рейтинги 13 багыт боюнча жакшырганы айтылганын билдирди.
Өкмөттүн “Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалымат базасы жөнүндө” жобосу 2018-жылы кабыл алынган.

25-март, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X