"Эркин-Тоо"

С.Жапаров: “Мурдагылардай болуп жердин башкаларга берилип кеткенден кийин эмес, элге маселени ачык билдирүүнү каалайбыз…”

Президент Садыр Жапаров Коомдук биринчи каналга маек берип жатып, мурдагы бийликтегилердей болуп жердин башка мамлекетке берилип кеткенден кийин эмес, элге маселени ачык билдирүүнү максат кылганын айтты: «Чек ара маселеси бир жактуу эле «бизге чечилиши керек»- деп тура бергенде эмес, сүйлөшүүлөр менен чечилет. Бардыгын акылдашуу, макулдашуу жолу менен чечебиз. Жергиликтүү калк, албетте, каршы чыгууда. Алар, өз жерибизди бербейбиз, туура эмес болуп калды, деп жаткандан кийин элдин да пикирин угушубуз керек. Мындан ары калк менен макулдашып, эсептешебиз. Негизи өзү жашыруун болушу керек эле, себеби кагаздардын көбү жашыруун деп эсептелет. Бирок биз эл менен эсептешип жатабыз. Ташиев барып протоколго кол коюп келсе эле маселе бүтпөйт. Чек ара чечилип, аягына чейин чыгып кол койгонго чейинки процесс төрт этаптан турат. Алгач, жумушчу комиссия макулдашып келет. Анан баары такташып алып, президентке киргизет, ал жок десе, кайра артка кайтарып, туура эмес жерлерин оңдошот. Макул болсо, парламент аны карап, ратификациядан өткөрүп берет. Ага президенттер кол койгондон соң чек ара маселеси чечилди деп эсептелет. Биздики башталышы гана… «Кокуй, жерибиз өтүп кетти» деген саясат жүргүзбөш керек… Бардыгын тынчтык жолу, акылдашуу, макулдашуу жолу менен чечебиз»,- деди.

Эске салсак, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон. Андагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы өзбек тарапка өтөт деп чечим кабыл алынганын билдирген. Мындан улам коомчулукта нааразы болгондор чыгып, социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси боюнча талкуулар башталган.

25-апрелде Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болгон эл Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадиондо Ташиев менен жолугуп, бир топ нааразылыктар айтылган. Ташиев элдин алдында Кемпир-Абадды азыркы бойдон каларын, Өзбекстанга өтпөстүгүн айткан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!