С.Жапаров: “Партиялык тизмедеги алдыңкы орундар эми сатылбайт”- ВИДЕО

24-октябрь, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөргөн маалымат жыйынында үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу билдирүү жасады.
“Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мындан ары аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүлөт. Биз партиялар аркылуу жана бир мандаттуу округдардан жаңы, калың элдин ишенимине ээ болгон, калк арасынан суурулуп чыккан эл өкүлдөрүнүн парламентке келишине жол ачып жатабыз”, — деди мамлекет башчысы.
Мындан тышкары ал, партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды сатып, бизнес жасоо практикасын жайылткан жана коррупциянын булагына айландырган системанын жоюлганын айтты.

24-октябрь, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X