“САҚТАП ҚАЛҒАН ҚАЙСАР РУХ, АР НАМЫСТЫ…”

Кыргыз-Казактын белгилүү Эл акыны, мамлекеттик жана коомдук ишмер – Мухтар Шаханов 83 жашында дүйнөдөн өттү деген суук кабар жүрөктү үшүткөн муздак шамалдай жан дүйнөнү тепчип өттү. Ар бир элдин руханий асманында өз жылдыздары болот эмеспи, Мухтар Шаханов да дал ошондой казак элинин гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн асманында жарык жанган жылдыздардын бири эле. Анын үнү поэзияда гана эмес, коомдук аң-сезимде да жаңырып турчу. Ал 1942-жылы Түштүк Казакстандын кең талаасында жарык дүйнөгө келип, ошол талаанын демин, эркиндигин, кайратын өзүнүн ырларына сиңирип,

“…Далаң мына талдырған құс қанатын,

Көрдім талай қиянат, дұшпан атын.

Сақтап қалған қайсар рух, ар намысты,

Сенсің менің қасиетті ұстанатым…” – деп ырлар жазып өстү. Анын ЖМКларда катардагы кабарчы болуп башталган жөнөкөй эмгек жолу бара-бара улуттун үнүн сүйлөгөн акынга айлантты. Мухтар Шахановдун калеми жөн гана көркөм сөз жаратпастан, элдин тагдырын, мезгилдин чындыгын айтып турчу курал болду.

Ойлогон ою сыртында орошон талант, 1989-жылы СССР Жогорку советине депутат болуп шайланган кезде, ал акыйкат сөзүн айтып, караламан казак элинин көйгөйлүү маселелерин көтөрүп үн катуудан жалтактаган жок. Совет бийлигинин адилетсиздигинен карапайым казак элине апаат алып келген 1986-жылдагы “Желтоксан” окуясынын күңгөй-тескейин ачык көтөрүп чыгып, жогорку трибунадан айтуу – бул жөн гана саясий кадам эмес эле, ал акындык абийирдин, жарандык эрктин кашкөй көрүнүшү болчу. Мухтар Шаханов үчүн поэзия менен чындык эки башка нерсе эмес – экөө бир бүтүн дүйнө эле.

Кыргыз эли үчүн да Мухтар Шаханов жат адам болгон жок. 1993–2003-жылдары Кыргызстанда элчи болуп турган мезгили анын жүрөгүндө чек ара жок экенин далилдеди. Анын улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен болгон достугу – эки улуу рухтун тамырынын тутумдашкан биримдигин далилдеп өттү. Алар бирге жараткан “Аскада калган аңчынын ыйы” чыгармасы эки элдин ортосундагы руханий көпүрөгө айланды. Мухтар Шаханов учурунда Кыргызстан тарабынан “Кыргыз эл акыны” наамы жана “Данакер” ордени менен сыйланганы бекеринен эмес. Бул анын кыргыз элине болгон ынактыгынын, эки элдин ортосундагы достуктун ажырагыс символу болгон.

Бүгүн ал арабызда жок. Бирок Мухтар Шахановдой залкар акындар чындап өлбөйт. Алардын үнү шамал менен жарышып куш канатын талыткан мейкиндикте, жаңырык менен жооп берген аскаларда, жаратылышка өмүр жалгаган дайраларда, толкуну тоону ураткан мухиттерде, балта менен чаап жок кыла албаган  калем-кагаздарда, тарыхтын бүктөмдөрүндө, кыз-жигиттин жазышкан каттарында, махабат түнөк тапкан сүйүшкөндөрдүн жүрөгүндө, анан да эң негизгиси, бүтүндөй караламан элдин эсинде калат. Ооба, эми Мухтар Шаханов түбөлүктүү өмүрүн элге жазып калтырып кеткен  сөзү менен улантат… Кош ага! Жаткан жериң жайлуу болуп, Жараткан бейишин берсин!

“Эркин-Тоо” гезитинин жамааты

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X