Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген АКШ сенатору, сенаттын улуттук коопсуздук жана өкмөт иштери боюнча комитетинин төрагасы Гэри Питерсти кабыл алды.
Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий жана экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча маселелер талкууланды.
Президент Садыр Жапаров сенатордун Кыргызстанга сапары парламенттер аралык кызматташууну активдештирүүгө түрткү берерине ишеним билдирди.
Америкалык сенатор Гэри Питерс Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын белгилеп, мамилелерди өнүктүрүүгө, достукту чыңдоого кызыкдар экенин жана эки тарапты кызыктырган бир катар тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.