Садыр Жапаров “Азрет Султан” музей-коругу менен таанышты

15-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 213

Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттери уюмунун бейформал саммитине катышкан мамлекет башчылары менен биргеликте Азрет Султан улуттук тарыхый-маданий музей-коругу жана Кожо Ахмед Ясави күмбөзүнө барды.

Лидерлер “Азрет Султан” музей-коругунун “Сейрек кездешүүчү экспонаттар залы” менен таанышып, түрк дүйнөсүнүн руханий мурасына байланышкан уникалдуу тарыхый артефакттарды көрүштү. Өзгөчө XIV–XV кылымдарга таандык баалуу реликвияларга көңүл бурулду.

Андан соң мамлекет башчылары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Кожо Ахмед Ясави күмбөзүне барышты. XIV кылымдын аягында эмир Тимурдун буйругу менен курулган бул тарыхый комплекс түрк жана ислам цивилизациясынын маанилүү руханий борборлорунун бири болуп саналат.

Президенттер мавзолейдин ички түзүлүшү жана анда сакталган тарыхый реликвиялар менен таанышып, күмбөздүн ичинде Куран окулду.

Тарыхый-маданий жайларга баруу Түрк мамлекеттери уюмунун бейформал саммитинин программасынын алкагында уюштурулуп, түрк элдеринин руханий жана маданий мурастарынын жалпылыгын дагы бир ирет айгинеледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X