Садыр Жапаров «Бала ырысы» боюнча мыйзамга кол койду

25-май, 2026-ж. / Редакция / Жарлык 364

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзага кол койду.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстанда төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин балдарга «Бала ырысы» аттуу ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпул киргизилет.

Мыйзам 2026-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы «Үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөкпулду киргизүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында даярдалган.

Мыйзамга ылайык, «Бала ырысы» жөлөкпулу бала төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин дайындалат. Бир учурда эки же андан көп бала төрөлсө, жөлөкпул ар бир балага өзүнчө төлөнөт.

Ошондой эле жарандар башка мамлекеттик жөлөкпулдарды алып жаткан учурда да «Бала ырысы» жөлөкпулун алууга укуктуу. Жөлөкпулду алуу үчүн кайрылуу мөөнөтү бала 3 жашка чыкканга чейин сакталат.

Документте «Бала ырысы» жөлөкпулу 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга дайындала турганы белгиленген.

25-май, 2026-ж. / Редакция / Жарлык 364
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X