Садыр Жапаров Баткен облусуна барды

3-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 16

Бүгүн, 3-апрелде Президент Садыр Жапаров, ӨКМдин, Коргоо министрлигинин жана ИИМдин жетекчилери Баткен облусунда өтүп жаткан «Коопсуздук — 2021» жана «Түштүктү калыптоо — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына катышышты.
Буга чейин Коргоо министрлиги иш-чаранын максаты ар кандай табигый, техногендик кырсыктарга, массалык башаламандыкта жана өзгөчө кырдаалдарга карата күч түзүмдөрүнүн, атайын кызматтарынын, мекеме-ишканаларынын даярдыктарын текшерүү болуп саналарын билдирген.
Ага 2 миңге жакын адам катышып, 100гө жакын унаа, бронетехника, 20га чейинки артиллериялык система, онго чукул авиациялык техника тартылган.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров аймактагы энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп, маалымат алат.

3-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X