Садыр Жапаров бир катар жетекчилерге сыйлыктарды тапшырды

6-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 21

Маалым болгондой, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаевге генерал-майор наамы, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевге мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини ыйгарылды. Өлкө башчысы аталган сыйлыктарды «Коопсуздук-2021», «Калыптоо-2021» командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусунун салтанаттуу бөлүгүндө тапшырды.
Ошондой эле бир катар аскер кызматкерлери, башкы кол башчыдан энчилүү сааттарды жана алкыштарды алышты.

6-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X