Садыр Жапаров: Борбор Азия дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө даяр аймак экенин далилдеди
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы жана аймактын эл аралык аброю тууралуу билдирүү жарыялады.
Мамлекет башчысы бүгүнкү биргелешкен иш-аракеттер Борбор Азиянын тынчтыктын, өз ара ишенимдин жана дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө даяр аймак экенин дагы бир жолу көрсөткөнүн белгиледи.
«Бүгүн биз биргеликте Борбор Азия тынчтыктын, өз ара ишенимдин жана дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө даяр аймак экенин дагы бир жолу далилдедик. Кесиптештериме колдоосу жана катышуусу үчүн ыраазычылык билдирем», — деп жазды президент Садыр Жапаров Facebook баракчасына.
Бул билдирүү Чолпон-Ата шаарында өткөн «Борбор Азия + Азербайжан» саммитинен жана эл аралык иш-чаралардан кийин жарыяланды.