Садыр Жапаров БУУда санкциялар жана эл аралык укук боюнча сунуштарын айтты

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Расмий жаңылыктар 102

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу Төрага,

Урматтуу Башкы катчы,

Урматтуу делегация башчылары,

Айымдар жана мырзалар,

Сөзүмдүн башында Халилур Рахман мырзаны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Төрагасы болуп шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм жана ишиңизге мындан аркы ийгиликтерди каалайм.

• • •

Баарыңыздарга маалым болгондой, былтыркы жылы эл аралык коомчулук Бириккен Улуттар Уюмунун 80 жылдык маарекесин белгиледи.

Ошентип, бул дүйнөлүк уникалдуу түзүм 80 жылдан бери тынчтыктын, коопсуздуктун жана өнүгүүнүн сакчылыгында турат.

Уюмубуз дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн бириктирип, эл аралык кызматташтыктын эң негизги аянтчасы катары кызмат кылып келсе дагы, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында согуштар жана чыңалуулар сакталууда.

Дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө болуп жаткан согуш аракеттери жана гуманитардык кризистер, анын ичинде Украина, Иран, Судан жана Палестинанын айланасындагы окуялар учурдагы эл аралык процесстердин татаалдыгын көрсөтүп турат жана баарыбыздан тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө багытталган өз ара аракеттерди талап кылат.

Кыргызстан – диалогдун жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн күчүнө ишенген өлкөбүз.

Биздин өлкө көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн алкагында медиаторлук ишти аткарууга даярбыз.

Акыркы жылдары Борбор Азия мамлекеттер аралык татаал маселелерди тынчтык жолу менен чечүү жөндөмүн дүйнө жүзүнө так көрсөтө алдык.

 

Учурда Борбор Азия мамлекеттер аралык конструктивдүү кызматташтыктын, экономикалык, инфраструктуралык жана технологиялык өнүгүүнүн үлгүсү болууда.

Ушуга байланыштуу бул жолду басып өтүүдөгү топтолгон тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз.

• • •

Урматтуу делегация башчылары,

Кыргызстан биринчи жолу өзүнүн тарыхында 2027-2028-жылдарга карата Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болуп шайландык.

Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөбүздүн талапкерлигин колдоп берген өлкөлөргө терең ыраазычылык билдиремин.

142 мамлекеттин колдоосу Кыргызстандын эл аралык иштерге өз салымын кошууга даярдыгын тастыктоо менен бирге, Борбор Азиянын эл аралык мамилелердеги орду өнүгүп бараткандыгын көрсөтүүдө.

Бул жетишкендик чакан мамлекеттер дагы глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө олуттуу салым кошо ала тургандыгынын айкын далили.

Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болуу артыкчылык же сыйлык эмес, бул чоң жоопкерчилик экенин биз так түшүнөбүз.

Бир жыл мурун так ушул трибунадан туруп, Кыргызстан “Коопсуздук Кеңеште олуттуу маселелерди сунуштай турган тажрыйбасы бар мамлекеттердин катарына кирет деп ишенимдүү түрдө” айтып өттүм эле.

Биз буга чейин берген убадаларыбызды унутпайбыз жана келечекте аларды ишке ашырууга толук кандуу аракет жасайбыз.

Андыктан дагы бир ирет айткым келет:

“Кыргызстан эл аралык укукту, адилеттүүлүктү, адам укуктарын коргоону бекем карманат жана өз ара урматтоого, кызыкчылыктардын балансына жана келечек муундардын жоопкерчилигине негизделген көп тараптуу системаны колдойбуз”.

Биз ар бир өлкө менен тыгыз иш алып барууга аракеттенебиз жана жемиштүү кызматташууга кызыкдарбыз.

• • •

Урматтуу кесиптештер,

Өзүңүздөргө маалым болгондой, 1945-жылы Бириккен Улуттар Уюмубуз түзүлгөн күндөн тартып, анын мүчө-өлкөлөрү жана жетекчилери системалык реформаларды жүргүзүүгө аракет кылып келишүүдө.

Реформалоо аракеттери Коопсуздук Кеңештин курамын кеңейтүүдөн баштап, анын башкаруу, тынчтыкты сактоо жана адам укуктарын камсыздоо механизмдерин модернизациялоону камтып келет.

Аталган демилгелер эл аралык деңгээлде активдүү талкууланып келет, бирок, көптөгөн иш-аракеттерге жана узак талкууларга карабастан, биздин Уюмдун институционалдык түзүмү ар түрдүү кыйынчылыктарга туш болууда.

Ошондуктан эл аралык коомчулук күтүп турган реформа бул Коопсуздук Кенештин курамын кеңейтүүдө 1 млрддан ашык эли бар Африка континентине эки орунду, ал эми Латын Америка континентине 1 орунду туруктуу түрдө берүү бул адилеттүүлүк болмок деп эсептейм.

Азыр дүйнө өзгөрдү.

Ошондуктан кээ бир өнүккөн мамлекеттер дагы Коопсуздук Кенешине мүчө болобуз деген ниеттери бар.

Ал мамлекеттердин арыздарын да карап көрүү туура деген ойдомун.

• • •

Дагы бир маселе, Уюмдун чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу боюнча натыйжалуу механизмдердин алсыздыгына байланыштуу болуп жатат деп эсептейм.

Уюмдун чечимдеринин системалык негизде аткарылбай жаткандыгы көп тараптуулук идеясынын мыйзамдуулугун бузуп, эл аралык укук милдеттүү эмес катары кабыл алынып, тоготпостукка алып келүүдө.

Ошондуктан Бириккен Улуттар Уюмунун ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө баарыбыз милдеттүүбүз.

Ушуга байланыштуу, биз Бириккен Улуттар Уюмунун Чечимдерин аткаруу жана жоопкерчилик механизмин жаңыдан иштеп чыгуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз.

Алгач Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын алкагында резолюциялардын жана милдеттенмелердин мүчө-мамлекеттер тарабынан аткарылышы боюнча Туруктуу коомдук реестрин түзүшүбүз керек.

Бул Реестр төмөнкү маалыматтарды камтып, көрсөтүлгөн иш-аракеттерди алдыга жылдырмак:

Биринчи – кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын деңгээлин системалуу түрдө жазып, текшерүүгө алып туруу;

Экинчи – белгиленген стандарттарга ылайык мүчө-мамлекеттерден үзгүлтүксүз отчёт берип туруу милдеттенмесин жүктөө;

Үчүнчү – тармактар жана аймактар боюнча аналитикалык серептерди берүү;

Төртүнчү – бардык мамлекеттер үчүн ачык-айкындуулукту жана маалыматтарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.

• • •

Аталган Реестрди Бириккен Улуттар Уюмдун Катчылыгы көз карандысыз эксперттердин жардамы менен иштете алышат.

Эгерде Уюмдун чечимдери системалуу түрдө аткарылбай турган болсо, анда этап-этабы менен төмөндөгүдөй жооп берүү механизмин сунуштаймын:

Биринчи этап – ошол мамлекетке расмий билдирүү жиберүү жана Уюмдун тиешелүү органдары менен консультацияларды өткөрүү.

Экинчи этап – чечимдерди ишке ашыруудагы объективдүү тоскоолдуктарды баалоо жана сунуштарды даярдоо үчүн ошол өлкөгө мониторинг миссиясын жөнөтүүбүз керек.

Үчүнчү этап – маселени Башкы Ассамблеянын пленардык жыйынында мына дал ушул жерде кароо, анда ошол мамлекеттин Бириккен Улуттар Уюмунун чечимдерин системалуу түрдө аткарып же аткарбай жаткандыгы тууралуу статусун аныктообуз керек.

Төртүнчү этап – талаптарды аткарбаган өлкөлөргө Уюмдун Уставынын алкагында тиешелүү жол-жоболорду баштоо керек.

Тактап айтканда, эл аралык укукта каралган чектөөчү чараларды кабыл алуу үчүн маселени Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кароосуна киргизүү, анын ичинде:

Биринчи БУУнун программаларына катышууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү;

Экинчи кызматташуу форматтарын кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;

− жана башка дипломатиялык чараларды көрүүбүз зарыл;

• • •

Урматтуу кесиптештер,

БУУнун чечимдерин системалуу түрдө аткарбоо учурларын кароодо Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү вето укугун колдонуудан ыктыярдуу түрдө баш тартышы керек деп эсептеймин.

Эгерде Уюмдун чечимдерин аткаруу механизми вето укугу менен системалуу түрдө туруктуу мүчөлөрү тарабынан бөгөттөлө турган болсо, анда мындай практика уюмдун Уставына жана мүчө-өлкөлөрдүн бирдей жоопкерчилигине шайкеш келбей калат.

Ошондуктан, Уюмдун чечимдерин аткарууга байланыштуу маселелерде вето укугун колдонууну ыктыярдуу түрдө чектөө мүмкүнчүлүгүн кайрадан карап чыгышыбыз керек.

Мындай тажрыйба универсалдуулукка, чакан же чоң мамлекет экенине карабай бардык мамлекеттердин теңдигине, дипломатиянын артыкчылыгына жана кош стандарттардан качууга негиз болот.

Бул демилгени ишке ашыруу максатында Уюмдун Башкы Ассамблеясынын алкагында кызыкдар мамлекеттердин катышуусу менен ачык жумушчу топ түзүүнү сунуштаймын.

Аталган жумушчу топ өкмөттөр аралык консультацияларды өткөрүп, сунушталган механизм үчүн мүмкүн болгон моделдер боюнча отчёт даярдашат.

Консультациялардын жыйынтыгы боюнча Уюмдун Башкы Ассамблеясы жана Коопсуздук Кеңеши тарабынан тиешелүү резолюциялар жана чечимдер кабыл алынышы керек.

Демилгенин стратегиялык максаты – Уюмдун чечимдери саясий сунуштар катары эмес, чыныгы эл аралык милдеттенмелер катары кабыл алынышын камсыз кылуубуз керек.

Алардын аткарылышын жакшыртуу эл аралык укуктун үстөмдүгүн жана уюмга болгон ишенимди бекемдейт.

 

Биз Кыргызстан мындай механизмди иштеп чыгуу боюнча мамлекеттер аралык талкууларды баштоого даярбыз.

2027-жылдын 1-январынан баштап Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кенешинин мүчөсү катары бул сунуштардын баарын биз официалдуу түрдө Комитетке киргизебиз.

• • •

Урматтуу кесиптештер,

Санкция маселесине өзүнчө токтолгум келип турат.

Баарыбыз күбө болгондой, бүгүнкү күндө санкциялар айрым өлкөлөр тарабынан эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат.

Негизсиз бир тараптуу киргизилген санкциялардын терс таасири жаңыдан бутуна туруп келе жаткан биз сыяктуу чакан өлкөлөргө дагы тийип жаткандыгы башка чакан өлкөлөрдү дагы тынчсыздандырып жатат.

Кээ бир учурларда мындай көрүнүштөр көз карандысыз мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө алып келип, эл аралык укуктун негизги принциптерине каршы келип жатат.

Айрым ири мамлекеттер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөрдү кээ бир маселелер боюнча соодалашууга барууга мажбурлап, ультиматум коюуда.

Учурдан пайдаланып ушул багытта кесиптешим Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп мырза бийликке келгенде саясий чечим менен дүйнө жүзү боюнча НПОлорду каржылоону токтоткондугун белгилей кетейин.

Жыйынтыгында өнүгүп келе жаткан Мамлекеттердин ички ишине жана саясатына НПОлордун кийлигишүүсү дээрлик токтоду.

Трамптын чечимдери мамлекеттердин суверендүүлүгүн жана өз алдынча өнүгүү жолун тандоого шарт түздү.

Ошондуктан бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Трамп мырзага НПОлорду каржылоону токтоткондугу үчүн ыраазычылыгымды билдирип кетейин.

Урматтуу кесиптештер,

Санкцияларды киргизүү чечимдери Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык жана Коопсуздук Кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде гана кабыл алынышы керек.

Кайсы бир мамлекетке санкция киргизүү укугун бир гана Бириккен Улуттар Уюмуна беришибиз керек!

Эл аралык санкциялар системасын жакшыртуунун мүмкүн болгон жалгыз жолу – мына ушул.

Биринчи кезекте, Уюм тарабынан бардык санкциялык чараларды алдын ала карап чыгуунун милдеттүү механизмин киргизүүбүз керек.

Санкциялар боюнча демилгелерди алдын ала карап чыгуу — алардын мүмкүн болгон гуманитардык, экономикалык жана социалдык кесепеттерин эске алууга жардам берет.

Сунушталган механизмдин маанилүү элементи ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти жогорулатуу болуш керек.

Санкцияларды демилгелеген мамлекеттер өздөрүнүн укуктук негиздемесин, мындай чаралардын зарылдыгын, алардын максаттарын жана аларды келечекте кайра алып салуу үчүн критерийлерин жана шарттарын так көрсөтүүлөрү керек.

Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында санкцияларга мониторинг жүргүзүү жана аларды үзгүлтүксүз карап чыгуу үчүн бирдиктүү эл аралык механизмди түзүү максатка ылайыктуу деп эсептейм.

Ошондо гана БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу борбордук ролу күчөйт жана укуктары кеңейет.

Ошондой эле санкцияларды кайсы бир өлкө башка бир өлкөгө каршы өзүнүн саясий же экономикалык пайдасы үчүн өзүм билемдик менен колдонуу коркунучу жоголот.

Ар бир мамлекет өзүм билемдик кылбашы керек.

БУУ күчтүү болуш керек.

БУУ санкция салат дегенди укканда ар бир мамлекет титиреп туруш керек. Мына ошондо гана дүйнөдө катуу тартип орнойт.

Антпесе БУУнун кээ бир чечимдерин эч ким тоготпой калды. Ар ким өз билгенин кылып жатат.

БУУнун ар бир чечими дароо аткарылышы керек. Аткарылбаса ал өлкө менен бир дагы өлкө кызматташпай койсо, санкциянын таасири артат.

Мына ошондо гана баардык чечимдер дароо аткарылат, БУУ күчтүү жана барктуу уюм болот.

Антпесе азыркы санкциялар баланын оюнчугундай эле нерсе болуп калды.

• • •

Урматтуу достор,

Баарыбызга маалым болгондой, глобалдык көйгөйгө айланган климаттын өзгөрүүсү токтобой уланууда.

Планетабыздагы орточо температура жана климатка байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын саны тездик менен өсүп, энергетикага, айыл чарбасына, азык-түлүк коопсуздугуна жана жалпысынан экономикага тийгизген терс таасири чоң масштабдарга жетти.

Кыргызстан тоолуу өлкө.

Биз мөңгүлөрдүн эришинин таасирине өзгөчө сезимталбыз.

Бул абстрактуу коркунуч эмес.

Бул аймактык деңгээлдеги экологиялык көйгөйлүү маселе.

Климаттык чакырыктарды жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык аракеттерди бириктирүү абдан маанилүү жана зарыл деп эсептеймин.

Ушуга байланыштуу, 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкек шаарында «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитин өткөрөбүз.

Учурдан пайдаланып, баарыңыздарды Саммитке катышууга чакырамын.

Аталган саммит 2023-2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болот.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш мырза менен 2026-жылдын 31-августунда Бишкек шаарында болгон жолугушуумда аталган Саммитти Уюм менен биргелешип уюштурууну сунуштадым.

Айтылган иш-аракеттер өлкөбүздүн тоолуу мамлекеттер арасындагы негизги ролун жана алардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн эл аралык күчтөрдү бириктирүүгө умтулуусун көрсөтөт.

Андыктан Кыргызстан тоолуу аймактардагы климаттык көйгөйлөрдү чечүүдө чакан жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн Бириккен Улуттар Уюмунда добушу болуп бергенге толук даярбыз.

• • •

Урматтуу делегация башчылары,

Климаттын өзгөрүү темасын улантып, сиздердин көңүлүңүздөрдү дагы бир экологиялык көйгөйгө бургум келет.

Баарыбызга маалым болгондой, глобалдык көйгөйлөрдүн жана кырсыктардын башаты жергиликтүү деңгээлде жатат.

Бул маселе ЮНЕСКОнун биосфералык коругу жана эл аралык маанидеги «Рамсар» аймактарынын тизмесине кирген уникалдуу бийик тоолуу Ысык-Көлгө тиешелүү.

Бүгүнкү күндө бул баа жеткис табигый суу резервуары катуу климаттык стресске дуушар болууда.

Акыркы 170 жыл ичинде суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөдү, ал эми акыркы 5 жылда көлдүн деңгээлинин төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге жетти.

Көлгө эзелтен бери куюп келген 101 дарыянын ичинен учурда 30га жакыны гана жыл бою агып турат.

Ысык-Көлдүн негизги суу булагы — Тянь-Шань тоо мөңгүлөрү.

Акыркы 70 жылдын ичинде Тоолордогу мөңгүлөрдүн 30 пайыздан ашыгы ээрип кеткен.

Анын 20 пайызга жакыны акыркы 7-10 жылдын ичинде гана кыскарган.

Бул процесс аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүнө жана жүз миңдеген адамдардын экономикалык туруктуулугуна түздөн-түз коркунуч келтирет.

Кыргызстан Ысык-Көлдү сактап калуу иштеринин алкагында, баардык ички ресурстарыбызды мобилизациялап жатабыз.

Тактап айтканда, Ысык-Көл экологиялык-экономикалык системасын 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн мамлекеттик концепциясы ишке ашырылууда.

Катуу экологиялык чектөөлөр киргизилип, суу астындагы робото техниканы колдонуу менен көлдүн тереңдигин мониторинг кылуу боюнча пилоттук долбоорлор иштей баштады.

Көлдүн түбүн жана акваториясын масштабдуу тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Климаттын өзгөрүшүнүн масштабы жана ылдамдыгы ар бир тоолуу мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып түшөт жана консолидацияланган эл аралык аракеттерди талап кылат.

Ысык-Көлдүн жоголуусу жергиликтүү трагедия эле эмес, бүткүл аймак үчүн орду толгус экологиялык көйгөйгө айланат.

Бул экологиялык көйгөйдүн потенциалдуу масштабын жана аны сактап калуунун чыгымдарын түшүнүү үчүн, акыркы он жылдыктарда жабыркаган Арал деңизи жана Чад көлүнүн тагдырына көз чаптыруу маанилүү.

 

(Картина)

Мына карасаңыздар,

Арал деңизи менен Чад көлү аз эле убакыттар мурда Ыссык-Көл сыяктуу эле толуп турган көлдөр болчу.

Азыр минтип кургап калды.

Биз үчүн булардын мисалдары ачык эскертүү болушу керек.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бириккен Улуттар Уюмун, эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү биздин демилгени колдоп, Уюмдун алдында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын биргелешкен трасттык фондун түзүүгө расмий түрдө чакырамын.

Ниеттерибизди конкреттүү иштер менен көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен фондго 10 миллион АКШ долларын салууга даярбыз.

Биздин маданиятыбызда «Аманат» деген түшүнүк бар.

Бул ата-бабаларыбыз бизге мураска калтырган нерсени көздүн карегиндей сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү милдети.

Андыктан, Ысык-Көл — бул биздин жалпы климаттык аманатыбыз десек туура болот.

Биз сиздерден жардам сурап жаткан жокпуз.

Биз Жер планетасынын бул уникалдуу жаратылыш ресурсун сактап калуу үчүн Биргелешкен глобалдык өнөктөштүктү сунуштап жатабыз.

Кеч болуп калганга чейин, келгиле, бардыгыбыз күч-аракетибизди жана ресурстарыбызды аталган трасттык фонддун алкагында бириктирели.

Урматтуу катышуучулар,

Айымдар жана мырзалар,

Биздин алдыбызда турган чакырыктар жалпы, демек, аларга каршы аракеттерибиз да биргелешкен болушу керек.

Биз өзгөрүүлөрдүн жаңы доорунун босогосунда турабыз.

Андыктан, коопсуз, адилеттүү жана туруктуу келечекти биргелешкен аракеттер аркылуу гана кура алабыз.

Планетабыздын жана келечек муундардын тагдыры – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.

Быйыл биз Кыргызстан Эгемендүүлүгүбүздүн 35 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Бул мезгилдин аралыгында өлкөбүз ар түрдүү кыйынчылыктарды башынан өткөрдү, бирок биз тирешүүнүн ордуна кызматташтыкты, кыйроонун ордуна жаратууну тандап, туруктуу өнүгүү жолуна түштүк.

Баарыбыз бир нерсени унутпашыбыз керек: тынчтык өзүнөн-өзү орноп калбайт.

Ошондуктан, сөзүбүздү ишке, адамдардын жашоосун өзгөрткөн жана жаратылышты сактоого багытталган конкреттүү кадамдарга айланталы.

Келиңиздер, диалог куралдан күчтүү, бири-бирибизди урматтоо коркунучтан жогору, ал эми эки тараптуу кызматташтыктар адамзат үчүн чыныгы натыйжа алып келген дүйнөнү бирге куралы.

 

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!”

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Расмий жаңылыктар 102
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X