Президент Садыр Жапаров 17-майда Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын орун басары — БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронковду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда уюмдун маанилүү ролун белгилеп, Кыргызстан конфликттерди тынчтык жолу менен чечүү жана азыркы замандын чакырыктарына каршы биргелешип күрөшүү үчүн БУУга мүчө бардык мамлекеттер жана БУУнун адистештирилген агенттиктери менен тыгыз өнөктөштүктү бекемдөөнү жактай турганын билдирди.
Садыр Жапаров Кыргызстан терроризмдин бардык көрүнүштөрүн чечкиндүү түрдө айыптап, эл аралык терроризмге натыйжалуу каршы туруу үчүн бекем негизди камсыз кылган БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашырууга активдүү катышып жатканын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы өткөн жылы БУУнун көмөгү менен Кыргызстандын 2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программасы кабыл алынганын канааттануу менен белгиледи.
Баарлашуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүү тууралуу айтып берди. Шайлоо БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында 2026-жылдын июнь айында өтөт. Кыргызстан БУУнун уставынын максаттарын ар тараптан жактап, бүткүл дүйнөдө тынчтыкты, глобалдык коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү жана социалдык прогрессти камсыз кылуу боюнча жалпы ишке колдон келишинче салым кошууга умтулат.
Владимир Воронков Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүүгө байланыштуу БУУнун Баш катчысы — БУУнун контртеррористтик башкармалыгынын башчысы өлкөнүн бул орунду алууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
Ал ошондой эле Кыргызстандын БУУнун институттары жана түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсүн канааттануу менен белгиледи, ошондой эле кадрларды даярдоо жана БУУнун институттарында кыргызстандык жаш адистер үчүн стажировкаларды уюштуруу жаатында кызматташууну кеңейтүү маселесин кароону сунуштады.
Мындан тышкары, БУУнун башкы катчысы — БУУнун контртеррористтик башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков Кыргызстанда контртеррористтик күн тартибин илгерилетүү үчүн күчтүү мыйзамдык база түзүлгөнүн белгиледи.