Садыр Жапаров чек ара маселесинин чечилиши тууралуу
Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында өтүп жаткан Республикалык кеңешмеде Президент Садыр Жапаров Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек араны чечүү маселеси оңой-олтоң иш болбогонун билдирди.
Өлкө башчынын айтымында, соңку беш жылда өлкө үчүн эң татаал көйгөй болуп келген чек ара маселеси жыйынтыкталып, конкреттүү чечимдерге жетишилди. Бул чечим көп кырдуу сүйлөшүүлөрдү, саясий эркти жана стратегиялык сабырды талап кылганын белгиледи.
«Бул тарыхый процессти жыйынтыктоону алдыга милдет катары койгонбуз. Ал ары татаал, ары көп кырдуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жөнгө салынды. Маселе саясий эркти, стратегиялык сабырды сынады. Келечек муундун алдындагы жоопкерчиликти, терең билимди талап кылды», — деди Садыр Жапаров.
Президент улуттук кызыкчылык башкы критерий катары каралып, ошол эле учурда экинчи тараптын позициясын угуу менен кылдат иш жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Ошондой эле 1990-жылдардан бери созулуп келген чек ара талаштарына чекит коюу кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү этаптардын бири болгонун белгиледи.