Садыр Жапаров “Дастан” ишканасынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты

3-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14

Президент Садыр Жапаров “Дастан” трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысы ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун, анын ичинде атайын продукцияларды чыгарган линияларды көрүп чыкты. Белгиленгендей, заводдун негизги багыттарынын бири деңиз торпедалык куралдарын өндүрүү болуп саналат.

Иш сапардын алкагында ишкананы мындан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Президент заманбап технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын айтты.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишкананын жетекчилигине ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүнү баштоо боюнча тапшырма берди. Бул демилге өлкөнүн коргонуу-өнөр жай потенциалын чыңдоого, жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө жана импортко көз карандылыкты азайтууга багытталган.

Маалыматка ылайык, “Дастан” ААКсы электрондук, медициналык жана башка өнөр жай продукцияларын иштеп чыгуу менен алектенген көп тармактуу ишкана болуп саналат.

3-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X