Садыр Жапаров дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү бекитти

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 153

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2026-жылдын  22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, институттук потенциалын бекемдөө жана мамлекеттин тышкы саясий ишинин заманбап талаптарына шайкештигин камсыз кылуу үчүн анын чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, атап айтканда Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында багытталган.

Мыйзамда төмөнкү өзгөртүүлөр каралган:

– консулдук устав Өлкө башчысы тарабынан бекитилет;

– мамлекеттик органдардын тышкы саясат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү тартиби мамлекет башчысынын чечими менен аныкталат;

– дипломатиялык кызмат органдарынын негизги функцияларын чет мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүү тууралуу жоболор менен толуктоо;

– Кыргыз Республикасынын башкы консулдары Өлкө башчысы менен макулдашуу боюнча Тышкы иштер министринин чечими менен дайындалат;

– дипломатиялык рангынан ажыратуу мүмкүнчүлүгү;

– дипломатиялык кызматтын кызматкерлери тарабынан укук бузууларды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык, жазык жана башка жоопкерчиликтерди белгилөө;

– Кыргыз Республикасында болуу менен Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси институтун киргизүү. Кыргыз Республикасында болуу менен Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчисинин ишин уюштуруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Президентинин өзүнчө чечими менен аныкталат;

– Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү жана Кыргыз Республикасында турган Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматтарына Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча дипломатиялык кызмат органдарында, Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүндө жалпысынан 10 жылдан кем эмес иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары дайындалат.

Өзгөчө учурларда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, коомдук же экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон Кыргыз Республикасынын жарандарын көрсөтүлгөн кызмат орундарына дайындоо үчүн Президентке сунуштама киргизет.

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 153
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X