Садыр Жапаров электрондук акчаны мурастоо тууралуу мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.
Мыйзамга ылайык, электрондук капчыктарда жана башка электрондук алып жүрүүчүлөрдө сакталган акча каражаттары эми мурастын курамына киргизилет. Мурас укугу мыйзамда белгиленген тартипте ырасталгандан кийин бул каражаттар мураскерлерге берилет же алардын банктык эсебине которулат.
Мындан тышкары, мыйзам банктарга нотариустардын жана мураскерлердин суроо-талабы боюнча маркумдун электрондук акчалары, банктык сейфтери жана баалуу металлдар боюнча эсептери тууралуу маалымат берүүгө укук берет.
Аталган өзгөртүүлөр санариптик активдерди мурастоо тартибин укуктук жактан жөнгө салууга жана мураскерлердин укуктарын камсыздоого багытталган.