Садыр Жапаров Кара-Көл шаарынын жаңы мэрин дайындады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Азамат Турдубеков Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды.
Президенттин Администрациясынан билдиришкендей, тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесинин негизинде кабыл алынган.
Ошол эле учурда буга чейин Кара-Көл шаарынын мэри болуп иштеп келген Эдилбек Тажимырзаев ээлеген кызматынан бошотулду.
Тийиштүү кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемелерде белгиленген.