Садыр Жапаров Кара-Кулжадагы ири реконструкция долбоорлору менен таанышты

14-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26

Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы социалдык жана спорттук объекттерди жаңылоо долбоорлору менен таанышты.

14-апрелде өткөн иш сапардын алкагында мамлекет башчысы борбордук стадиондун, ошондой эле “Тынчтык” жана “Буранов” парктарынын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат алды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев белгилегендей, бардык иштер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, учурда активдүү фазада жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, аянты 25 гектарды түзгөн “Тынчтык” паркында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Долбоордо аймакты көрктөндүрүү, жарыктандыруу, сугат системаларын орнотуу, веложолдорду жана балдар аянтчаларын куруу, ошондой эле жашылдандыруу иштери каралган.

Ал эми район борборунун негизги эс алуу жайларынын бири болгон “Буранов” паркы да толук жаңыланууда. Бул жерде инженердик инфраструктура модернизацияланып, сахналык аянтча, активдүү эс алуу зоналары жана балдар оюн аянтчалары сыяктуу заманбап коомдук мейкиндиктер түзүлөт.

Белгиленгендей, эки паркты реконструкциялоо иштерин 2026-жылы аяктоо пландалууда.

Мындан тышкары, Президентке борбордук стадионду реконструкциялоо долбоору да тааныштырылды. Жалпы аянты 21 миң чарчы метрден ашкан объектти жаңылоонун баасы 168 млн сомду түзүп, курулуш иштерин 2027-жылы аяктоо мерчемделүүдө. Долбоор спорттук инфраструктураны модернизациялоону жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү көздөйт.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров бардык иштерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, социалдык жана спорттук объекттерди өнүктүрүү жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи. Президент тиешелүү органдарга долбоорлорду туруктуу көзөмөлдөөнү жана калк үчүн коопсуз, заманбап шарттарды камсыз кылууну тапшырды.

14-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X