Садыр Жапаров Караколдогу суу каптоо окуясына комментарий берди
Садыр Жапаров Каракол шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдө суу каптоо окуясына байланыштуу комментарий берди.
Бүгүн, 8-июнда Ош шаарында МИК тарабынан курулган батирлерди тапшыруу иш-чарасында сүйлөгөн мамлекет башчы курулуш иштерине көзөмөл күчөтүлгөнүн жана мындан ары катуу текшерүү жүргүзүлөрүн белгиледи.
Президент көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарды да этият болууга чакырып, канализация жана суу түтүктөрүн таштандылар менен толтурбоого көңүл бурду.
“Кемчиликтер бар, жок дебейбиз. Баары жипке тизгендей эмес, иштеген жерде кемчилик болбой койбойт. Бирок көч бара-бара түзөлөт да. Албетте, курулуштун кемчиликтери боюнча элдин сын-пикирлери, сунуштары сөзсүз каралат. Болгон кемчиликтери толукталат. Муну Мамлекеттик ипотекалык компания эске алып коюшу керек”, — деди мамлекет башчы.