Садыр Жапаров: «Коңшулар менен болгон мамилени бекемдейбиз»

«Кыргызстан коңшулар менен болгон ынтымак мамилени аздектейт жана  кызматташтыкты мындан ары да ар тараптан өнүктүрүүгө кызыкдар», — деди Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого карата салтанаттуу иш-чаралардын алкагында.

 «Биз коңшулар менен болгон ынтымак мамилени аздектейбиз. Стратегиялык өнөктөштөрүбүз, союздаштарыбыз жана дос мамиледеги өлкөлөр менен кызматташтыкты мындан ары да ар тараптан өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», -деди Президент.

Ошондой эле мамлекет башчысы региондогу кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу тез арада чек ара аймактарыбызды бекемдеп, көзөмөлдөө ишин активтештирүүнүн зарылдыгы күн тартибинде тураарын белгиледи.

 «Кыргыз баласы абалтадан жоокер келет. Ата-бабадан калган өнөрдү унутпай, аны аздектеп, өөрчүтүү керек. Андыктан, кыргыз армиясынын курал-жарагын жана аскердик техникасын тез арада толуктап, аскердик күчтөрүбүздүн күжүрмөндүүлүгүн жогорулатуу учурдун негизги максаты деп эсептейм», -деди Садыр Жапаров.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X