Садыр Жапаров: Кыргызстанда жумуш бар, айрым тармактарда жумушчу күчү жетишпейт
Кыргызстанда курулуш, жол куруу, тигүү жана кызмат көрсөтүү тармактарында жумушчу күчүнө суроо-талап жогору. Айрым тармактарда жумушчулардын жетишсиздигинен улам чет өлкөлүк жарандар да иштеп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстанда жумушсуздук тууралуу сөз болгондо жарандар жетекчилик кызматтарды гана эмес, жумушчу кесиптерди да эске алышы керек.
«Эгерде биздикилер “жумуш жок” деп көчөгө чыгып кыйкырып жатышса, келсин, жумуш беребиз. Курулуш, тигүү, жол куруу жана башка тармактарда иш бар», — деди президент.
Жапаров айрым тармактарда кадр жетишсиз болгондуктан, Индия, Пакистан, Кытай жана башка өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда эмгектенип жатканын белгиледи.
Президенттин айтымында, өзгөчө курулуш жана жол куруу тармактарында жумушчу күчүнө муктаждык жогору. Ошондой эле тигүү өндүрүшүндө жана кызмат көрсөтүү тармагында да адистерге суроо-талап бар.
Мамлекет башчысы Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардын арасында кытайлыктардан тышкары башка мамлекеттердин жарандары да бар экенин кошумчалады.