Садыр Жапаров: Кыргызстандагы автобекеттер совет мезгилиндегидей иштей баштайт

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99

Жакынкы жылдары Бишкектен Кыргызстандын бардык аймактарына автобус каттамдарын ачуу пландалууда. Өлкө боюнча автобекеттер толук кандуу иштей баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги жаңы автобекетти 2027-жылдын март–апрель айларында пайдаланууга берүү пландалууда.

«Ал жактан Советтер Союзунун мезгилиндегидей бардык аймактарга автобустар каттайт. Бардык облустардагы автобекеттер ишке кирип, бул иштердин баары Транспорт министрлигинин көзөмөлүндө болот», — деди президент.

Жапаров бул пландарды бир учурда ишке ашыруу мүмкүн эместигин белгилеп, алгач транспорт каражаттарын жаңылоо зарылдыгын айтты.

Анын маалыматына караганда, акыркы үч жылда Транспорт министрлигине жол куруу үчүн 1,5 миңге жакын атайын техника берилген.

Президент ошондой эле акыркы үч жылдан бери мамлекет жолдорду ортомчуларсыз өз алдынча куруп жатканын билдирди. Анын айтымында, мурда жол курууга кеткен чыгымдар жасалма түрдө жогорулатылып, айырмасы министрлик менен жеке компаниянын ортосунда бөлүштүрүлүп келген.

«Азыр мындай көрүнүш жок, ортомчу компаниялар болбойт. Жумушчулардын айлыгын өзүбүз төлөп, материалдарды өзүбүз сатып алабыз», — деди ал.

Жапаровдун айтымында, мурда жылына 200 чакырымга жакын жол асфальтталса, азыр бул көрсөткүч 1 700 чакырымга жеткен. Президент аны 2 миң чакырымга чейин көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады.

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X