Садыр Жапаров “Мадина” базарына күтүүсүз барып, соодагерлер менен жолукту

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары барып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолугушту.

Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан.

Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду аягына чыгара албай калып, аны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген. Ошол эле учурда анын салган каражаты базар киреше бере баштагандан кийин этап-этабы менен кайтарылат. Учурда Президенттин Иш башкармалыгы базарды ачууга даярдык көрүү иштерин аяктап жатат.

Мамлекет башчысы жаңы базардагы соода түйүндөрүн көрүп чыкты. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев объект өрт коопсуздугу жана санитардык талаптарга жооп берерин, ачууга даярдалып жатканын маалымдады.

Ишкерлер өздөрүн тынчсыздандырган маселелерди айтып, ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнүштү. Алар көйгөйлөрүнө көңүл бурганы үчүн Президентке ыраазычылык билдирип, буга чейин жаңы базар Мамлекет башчысынын жакын туугандарына таандык деген туура эмес маалымат алышканын белгилешти.

Андан соң Президент август айынын аягында өрт чыккан эски “Мадина” базарына барды. Ал жерде да соодагерлер менен баарлашты. Сүйлөшүү учурунда жабыркагандарга компенсация эски “Мадина” базары жайгашкан жер тилкесинин ээсинин эсебинен төлөнөрү белгилүү болду.

Ошондой эле айрым ишкерлер соода орундарын базардын мурдагы ээлеринен сатып алышканы өзүнчө белгиленди. Мындай ар бир кайрылуу укук коргоо органдарынын катышуусунда жекече каралат.

Жаңы базардын администрациясынын маалыматына ылайык, соодагерлердин 90 пайызга жакыны жаңы соода орундарына көчүп барган.

Президент Садыр Жапаров Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге базарды ачууга даярдык көрүү боюнча бардык иштерди аяктоону, соодагерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мамлекет башчысы ноябрь айынын башына чейин жаңы “Мадина” базары толугу менен ишке даяр болуп, штаттык режимде иштеши керектигин баса белгиледи.

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X