Садыр Жапаров: “Манас Ордо” — улуттук руханий мектепке айланат

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусунун Талас шаарындагы кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин жаңы объектилеринин ачылыш аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чарада Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу агайын-туугандар!

Кымбаттуу меймандар!

Айтылуу кара сөз алпы, биз турган куттуу жердин кулуну Ашым Жакыпбеков агабыздын “Кылымдарга аты калбай өчөөрдө, кыргыз элин кыраан Манас сактаган” деп таамай белгилегени бар.

Айкөл Манас атабыз тууралуу улуу баян – “Манас” эпосу кыргыз элинин дүйнөлүк маданияттын бай казынасына кошкон эң зор салым болуп саналат.

Элибиздин руханий казынасы, улуттук намысыбыз менен сыймыгыбыз сыйган касиеттүү Талас жергесиндеги “Манас Ордо” комплексинин жаңыртылып, толукталышы улуттук демдин кайра жаралуусунун, тарыхыбызга жана ата-бабалар мурасына болгон сый-урматыбыздын салтанаты катары кабылдайбыз.

Бүгүн бул комплекс толугу менен жаңыланып, заманбап талаптарга шайкеш келтирилип, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн, улуттук идеологиябыздын жана биримдигибиздин көркөм көрүнүшү катары кайрадан каалгасын ачып турат.

Мына ушундай руханий дүйнөбүздү байытууга багытталган иш-чара менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын! Кыргыз элинин кылымдарды карыткан жолундагы биримдик идеясына ширелген руханий феномен жаңы түс, жаңы өң менен даңазалана берсин!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Манас атабыздын “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деген бийик сөзү көп этностуу өлкөбүздүн борбору Бишкектин так ортосунда бекеринен бадырайып жазылып турган жок. Ал – эгемен Кыргызстандын эң башкы идеологиялык чакырыгы. Биздин биримдигибиз, ынтымагыбыз жана эгемендигибиз – бабаларыбыздын эл-жер үчүн аккан каны, арнаган жаны, төккөн тери менен жетип, бизге аманат катары берилген баалуулуктар экенин туюп, сезип турушубуз шарт!

“Манас Ордо” комплекси – ошол улуу аманатты, улуттук аң-сезимди жана рухий дүйнөнү келечек муунга кемитпей, таза өткөрүп бере турган улуттук ыйык очок катары кылымдарга кызмат кылат.

Урматтуу мекендештер!

Соңку жылдары өлкө аймагында заманбап жолдор, заңгыраган мектептер, бардык шарттары бар ооруканалар, өнөр жай ишканалары курулууда. Албетте, булардын баары экономикалык көз карандысыздыкты бекемдөөнүн аракети. Бирок экономикабызды өнүктүрүү менен эле чектелип, улуттук руханий казынабыз, идеологиялык багытыбыз жана тарыхый эс- тутумубуз четте калса, анда өнүгүү багытыбыз аксайт.

Евразия мейкиндигинде көчүп-конуп, улуу көчмөн дөөлөттөрдү түптөгөн аталарыбызга ар дайым таазим кылып келебиз. Ошол атагы таш жарган ата-бабаларыбыздын доору жаңырган бул жайга кийинки урпактары улуу мүдөөлөргө умтулуп аттанганда келип, тайынып, Жараткандан өзүнө да, өлкөсүнө да ак жол суранып сыйынуу улуттук каадага айланган. Айкөлдүн руху, баатыр бабалардын деми орногон бул Ордону ар дайым аруу тутуу ар бир кыргыз жаранынын алдындагы айныгыс парзы болушу керек!

Ал эми “Манас Ордо” комплексинин бүгүнкүдөй ажайып кооз абалга келтирилиши биздин аталарга болгон ыраазычылыгыбыздын бир гана тамчысы. Кылым карыткан улуу элдин урпактары катары кыргызстандыктар, мамлекетибиз бүгүн да Манасынан эч нерсе аянбайт. “Манас Ордо” комплексин реконструкциялоо менен анын тарыхый-маданий маанисин тереңдетип, көөнө тарых менен жаңы технологияларды айкалыштырган заманбап музей-комплекске айландырууну стратегиялык багыт катары карап, комплексти реконструкциялоого бюджеттен 1,4 млрд сом каражат жумшадык.

Өзөгүбүздү таап, өтмүшүбүздү аздектеп багуу жана аны келечек муундарга өнүктүрүп жеткирүү – мамлекеттик саясатыбыздын эң башкы артыкчылыктарынын бири!

Бул масштабдуу долбоор – маданий мурасыбызды сактоого жана келечек муундун руханий жактан баюусуна багытталган эң чоң инвестиция болуп калмакчы.

Маданий комплексте тарыхый багыттагы илимий изилдөөлөр, мамлекеттик жана эл аралык маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташкан ири Жыйын залы, көп функционалдуу административдик корпус, алыс-жакындан келгендерге бардык шарттары менен зыяратчылар үйү, түлөөкана жана башкалар салынып, 700 чарчы метр орунду ээлеген музей, кошумча имараттар курулган соң 1090 чарчы метрге кеңейтилди. Бул жерде байыркы тарыхыбызга санарип мүмкүнчүлүктөр аркылуу атайын экскурсиялар уюштурулуп, эми ар бир мейманга тарыхый маалыматтарды заманбап форматта жеткирилет.

Биз байыркы мурасыбызды аздектеп сактап гана калбастан, аны кийинки муунга XXI кылымдын тили менен өткөрүп берүүгө кадам таштадык. “Манас Ордого” келген ар бир кыргыз жараны, өзгөчө жаш муун бабалардын басып өткөн даңазалуу жолун туюп, өз тарых-таржымалы менен сыймыктанат, Ата Мекенге болгон сүйүүсү жана жоопкерчилик сезими артат деп ишенем. Бул комплекс – жаштарыбызды мекенчилдикке, билимге жана инновациялык өнүгүүгө багыттай турган улуттук руханий мектепке айланат деген үмүтүбүз зор.

Кымбаттуу таластык агайын-туугандар!

Кыргызстандын жети дубанынын ар бири өзүнүн тарыхый орду менен баалуу. Ал эми Талас жергеси – Айкөл атабыз байырлаган жер катары атуулдук ар-намыстын, улуттук ынтымактын, каармандыктын үлгүсү болууга тийиш. Бул куттуу жерден көтөрүлгөн ар бир демилге, аткарылган ар бир иш ийгилик менен коштолуп, жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуусу кажет.

Мындан улам, кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплекси жалпы элибиздин ынтымагын мындан ары да ширетип, Жараткандын амири менен өлкөбүзгө кут-береке алып келсин!

Дүйнөнүн төрт тарабынан келген меймандар Айкөл Манас атабыздын демине таасирленип, кыргыз элинин басып өткөн даңктуу тарыхына суктанып, Кыргызстан деген куттуу өлкөнү даңазалаган жайга айлансын!

Улуттук демибиз бийик, мамлекетибиз күчтүү болуп, эгемендигибиз чыңдала берсин.

Айкөл Манас атабыздын арбагы ыраазы болсун!”.

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X