Садыр Жапаров: «Мен Куловдун штабында иштегем»

24-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25

Журналист Лейла Саралаева өзүнүн ютуб каналына Курманбек Бакиев тууралуу видеосун жарыялаган. Видеодогу маалыматтардан улам «Кабар» агенттиги Президент Садыр Жапаров менен маектешти:

– Чет өлкөдө жүргөн журналист Лейла Саралаева ютуб каналында, соцтармакта бийликтин дарегине ар кыл сын-пикирлерин айтып келет. Саралаеванын билдирүүлөрүн көрүп турсаңыз керек?

Сиздин атыңызды байма-бай айткандан улам кыскача комментарий алсак.

Акыркы ютубдагы берүүсүндө Курманбек Бакиевдин беш жылдык башкаруусуна саресеп салып, Камчыбек Кыдыршаевич менен сизди 2005-жылы Бакиевдердин штабында иштеген деп аларга байлоого аракет кылыптыр. Чындап эле 2005-жылы Курманбек Бакиевдин штабында иштедиңер беле?

– Мен ал журналистти тааныбайт экем. Ушунча жыл саясатта жүрүп, көңүл деле бурбаптырмын. Маек деле берген эмес экем.

Бирок, ошентсе да сурооңузга жооп берип коёюн. Мени 2005-жылы Бакиевдин штабында иштеген дегени карандай калп. Мен Куловдун штабында иштегем. Ушуну так билбегенден кийин сиздин бул журналист кесиптешиңиз «самопал» же бир жолу колдонулуп ыргытылган кол жоолук сыяктуу журналист экен.

Куловдун штабында иштегенимди Атамбаев жакшы билет. Себеби Атамбаев Куловдун штаб башчысы болгон. Кулов менен Бакиев тил табышып, тандем болгондон кийин штаб жабылып, баарыбыз тарап кеткенбиз.

Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев.

24-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X