Садыр Жапаров менен Байрам Бегай стратегиялык багыттарды талкуулашты
Бүгүн, 18-июнда Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегайдын расмий жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүү, ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл соода, экономика, айыл чарба, авиация, туризм жана банк тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө бурулду.
Президент Садыр Жапаров албан тарапты Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырып, бул иш-чара элдердин жакындашуусуна жана маданий байланыштарды чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.
Ал эми Албаниянын президенти Байрам Бегай Кыргызстанды Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуп шайланышы менен куттуктап, муну өлкөнүн эл аралык аренадагы аброю өсүп жаткандыгынын айкын далили катары баалады.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Албаниянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү кадамдардын бири катары мүнөздөлдү.
Тараптар мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы багыттарды издөөгө даяр экенин билдиришти.