Садыр Жапаров менен Владимир Путин форумдун катышуучуларына видеокайрылуу жасады
Президент Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун катышуучуларына видеокайрылуу жолдошту.
Садыр Жапаров өз кайрылуусунда Россия Кыргызстан үчүн негизги стратегиялык жана инвестициялык өнөктөш бойдон каларын белгилеп, ата мекендик продукциянын Россия рыногуна экспортун кеңейтүү маанилүү экенин айтты.
Ал эми Владимир Путин Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду ушул убакка чейин жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашкан 4 миңге жакын долбоорду каржылаганын билдирди.
Ошондой эле ал Кыргызстанда россиялык капиталдын катышуусу менен 2 миңден ашуун ишкана ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеп, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы ырааттуу өнүгүп жатканын айтты.