Садыр Жапаров Нарын шаарында курулуп жаткан балдар оюн-зоок борборун көрүп чыкты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарында курулуп жаткан балдар оюн-зоок борборунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысы борбордо балдар жана алардын ата-энелери үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, ошондой эле оюн жана эс алуу залдарын, оюн аянтчаларын жана объекттин башка бөлмөлөрүн көрүп чыкты.
Возможно, это изображение гора
Заманбап эки кабаттуу борбор аянты 6 600 чарчы метр болгон жер тилкесине курулууда. Имараттын жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзөт. Объект ата-энелери менен бирге бир учурда 350гө жакын баланын болушуна ылайыкталган.
Садыр Жапаров шаарда балдардын кызыктуу эс алуусу жана үй-бүлөлүк убакытты бирге өткөрүүсү үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, жаңы борбор балдардын чыгармачылык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул долбоорду ишке ашыруу Нарын шаарынын социалдык инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.
Нет описания фото.
Мындан тышкары, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Президент калкка зарыл кызматтарды көрсөтүү үчүн курулган жаңы муниципалдык борбордук мончонун ишмердүүлүгү менен таанышты. Комплексте ошондой эле тренажер залы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, бассейн жана башка инфраструктуралык объектилер каралган.
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X