Садыр Жапаров: Нарынга бөлүнгөн каражат бекитилгенден үч эсе көп болду

23-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 142

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун активи жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы жылдарда аймакта социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу оң динамикасы камсыздалып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, 2021-жылы Нарын облусунун бюджети 960 млн сомду түзсө, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ал 2 млрд 334 млн сомдон ашып, 2,5 эсеге көбөйгөн.

“Жыл сайын өсүп бараткан мындай көрсөткүчтөргө бюджет түзүүчү тармактарды тартипке келтирип, көзөмөлдү күчөтүп, жоопкерчиликке басым жасоо аркылуу жетишип келебиз. Ошондуктан республикалык консолидацияланган бюджет 2025-жылы 1 трлн 100 млрд сомдон ашты”, — деди Президент.

Ошондой эле ал Нарын облусунун 2025-жылга бекитилген бюджети 2,3 млрд сомду түзгөнү менен, жыл жыйынтыгында аймакка 7 млрд 680 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи. Бул бекитилген суммадан үч эсе көп каражат бөлүнгөнүн билдирет.

Мамлекет башчысы бул каражаттардын эсебинен бюджеттик тармактарда эмгектенгендердин маяналары, анын ичинде мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле аскер кызматкерлеринин эмгек акысы ырааттуу жогорулап жатканын кошумчалады.

Ошондой эле президенттин айтымында, учурда пенсионерлер жашоо минимумунан жогору пенсия алышууда.

23-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 142
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X