Садыр Жапаров Нью-Йорктон Бишкекке кайтып келди

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 101

Президент Садыр Жапаров АКШдагы иш сапарын жыйынтыктап, 23-сентябрда Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мамлекет башчысы 15-сентябрдан тарта Корея Республикасы жана АКШда сегиз күндүк иш сапарда болду. Бул аралыкта президенттик учак Бишкек–Сеул–Аляска–Солт-Лейк-Сити–Нью-Йорк–Шаннон–Бишкек багыты боюнча учуп, 32 саатка жакын убакытты абада өткөрдү.

Кореяда Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, биринчи Корея–Борбор Азия саммитине катышты.

АКШнын Юта штатында аймак жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, тоо туризми жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү тажрыйбасы менен таанышты.

Нью-Йоркто президент БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебатында сөз сүйлөп, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле америкалык ири бизнес жана каржы түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болду.

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 101
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X