Садыр Жапаров Ош боюнча жаңы салык жарлыгына кол койду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ош шаарында сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 2026-жылдын 1-июнунан 2027-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине сатуудан алынуучу салыктын 50 пайызын жана бирдиктүү салыктын 15 пайызын бөлүштүрүүнү караган пилоттук долбоорду ишке ашыруу тапшырылды.
Маалыматка ылайык, пилоттук долбоордун алкагында Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине болжол менен 2 миллиард сом түшүүсү күтүлүүдө.
Белгиленгендей, бул демилге көмүскө экономиканы кыскартууга, салыктык тартипти чыңдоого жана “көмүскө” схемаларга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган.
Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарындагы жаңы борбордук базарда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө сатуудан алынуучу салыкты децентралдаштыруу боюнча пилоттук долбоорду сунуштаган.
Анын айтымында, мындай механизм жергиликтүү бийлик органдарынын кирешесин көбөйтүп, аймактарды өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүк түзөт.