Садыр Жапаров Путинди кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады
Бүгүн Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Садыр Жапаров Владимир Путинди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бул Орусия элинин мамлекеттик эгемендүүлүктү бекемдөө, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу, Орусия мамлекетинин өз алдынча, көз карандысыз жана ачык тышкы саясатын жүргүзүү боюнча даанышман саясатты жана жан аябас эмгекти жогору таануусунун жана колдоосунун ачык далили экенин белгиледи.
Владимир Путин президент Садыр Жапаровго куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирди.
Өлкө лидерлери ки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын май айында Москвада өтө турган Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин мааракелик жыйынын талкуулашты, ага Президент Садыр Жапаров катышат.