Садыр Жапаров Түркмөнбашыда: Борбор Азия лидерлери бир столго чогулду
Түркмөнбашы шаарында бүгүн, 8-октябрда, Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун тосуп алуу аземи болуп өттү. Саммитке ошондой эле Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев катышууда. Тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары жыйындар залына өтүштү.