Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат

19-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 35

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 19-21-август күндөрү Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын билдиришти.  

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумуна катышат.

Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуп, Биримдик алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү боюнча пикир алмашат.

Андан кийин Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусу боюнча жумушчу сапарын баштап, ал жакта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга, ошондой эле өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X