Президент Садыр Жапаровдун 24-25-июнда Бельгия Падышалыгына болгон иш сапары аяктады. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын падышасы Филипп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Андан кийин Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар энергетика, транспорт, сейрек кездешүүчү металлдар, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду инвестициялоо жана ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.
Андан соң Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.
Брюсселде мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү координациялык борборуна (ERCC) барды. Бул борбор Европа Бирлигинин Жарандык коргонуу механизминин ордосу болуп саналат. Ал табигый кырсыктардан жапа чеккен өлкөлөргө жардамды — биринчи кезектеги зарыл буюмдарды, эксперттик билгилерди, жарандык коргонуу топторун жана атайын жабдууларды жеткирүүнү координациялайт.
ERCC суткасына 24 саат, жумасына 7 күн иштейт. Ал улуттук бийликтердин же БУУнун органынын өтүнүчү боюнча ири табигый кырсыктан жапа чеккен ЕБ ичиндеги же тышындагы каалаган өлкөгө жардам бере алат.
Бельгия Королдугуна болгон иш сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров 25-июндан 26-июнга караган түнү Бишкекке кайтып келди.