Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын Премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргыз Республикасына биринчи расмий сапары менен келди.
«Манас» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы жайгаштырылган.
Белгилей кетсек, бул эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Грузиянын Өкмөт башчысынын Кыргыз Республикасына жасаган биринчи расмий сапары.