САФЕД-БУЛАН

1-апрель, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 52
САФЕД-БУЛАН
Поэма
(Махабат Саидрахмановага)
Ал бир доор, тумандаган,
Күн көзү көрүнбөгөн, башаламан.
Эсирип адамзаада,
Эссиздик, басса-турса…
Оо айтпа, ал заманда,
Жүрөктү угуу кайда!!!
“Тек гана байлык изде, акыл калча!!!”
– деген бир илдет каптап,
Адамдар баарын таштап,
Ташбоордук адат болгон,
Пендени бузуп жолдон.
Дээринде эчтеке жок,
Руху ач, курсагы ток,
Кунарсыз замандарда,
Алданып адамзаада,
Абалын көрүп коомдун,
Азабын тартып доордун.
Таянып дилиндеги улуу күчкө,
Жар салып бүт дүйнөгө,
“Жутунба! Жутунбагын!
Адамзат ниетти түздө!..”
Деп айтып Сахабалар
Жар салчу эл аралап куттуу күндө.
БУЛАН КЫЗ ЖӨНҮНДӨ БАЯН
Жашы жаш – болгону эле он экиде,
Африка чөлкөмүнөн,
Булан кыз тагдыр жазып…
Тартууга Шах-Жарирге келген эле.
Өзгөчө сулуулукту,
Жараткан ага чындап берген эле.
Көздөрү күндөй эле,
Көрсөткөн ай-жылдызды,
Ал чексиз түндөй эле.
Сыйынбай башка затка бир Кудайдан,
Булан кыз башкача жан,
Тынымсыз окуп Куран,
Байкалбай өз ичинен аалам курган.
Чагылса карегинен,
Жандүйнө тунуктугу,
Акылды аңтар-теңтер, эс-мас кылган,
Толгон ай шооласындай
Апаппак сулуулардан артык турган!
Бул сейрек бир жан эле,
Жаралган жалгыз гана жер бетинде.
Тасмадай илбериңки,
Сөзүнө сөөк ээриткен,
Кудайдын мөөрү анын,
Көмөкөй – таңдайында турар эле.
Маржандай асыл сөздөн,
Сухбат курар эле.
Туптунук карасуудай Булан кыздын,
Кеңешин Шах-Жарир да угар эле.
Аруулук касиетин төлгө кылып,
Шах – Жарир жүрүп кетти,
Күң кызын кошо алып, жолго чыгып.
ШАХ-ЖАРИРДИН ОРТО АЗИЯГА САПАРЫ
Улуу парз, улуу керез,
Көздөгөн мерчеминде күткөнү чын.
А бөлөк табышмагы
Али да белгисиздир бул жазмыштын.
Ал ушул ыйык жолдо,
Актамак тирүүлүктүн да бир парзын.
Парзбы же мурас беле?..
Болбосо керт башына керез беле?!
Сезимди акыл жеңип,
Ал бүгүн ушунчалык мерез эле,
Ыйманды бекемдөөгө,
Улантуу ушул жолду керек беле?..
Мухаммад саллаллоху алейхи вассаламдын,
Урпагы болуу деген өзү эмне?!
Такталган маалыматтар бизге жетип,
Иргелген эчен ирээт сөз электе,
Мухаммад саллаллоху алейхи вассаламга,
Айтылат болгон дешип жээн чебере…
Мына ошол чыгаан инсан,
Шах – Жарир,
Исламды жайылтууга ниет кылган.
Кеңешип оң-сол менен,
Жыйырма миң кол менен,
Аттанып Мекке менен Мединадан,
Фергана өрөөнүнө,
Кадимки Самарканддан,
Алтынчы кылым соңу кирип келген.
Жайылтып исламды,
Аралап шаар, кыштакты.
Мечити ачык асман алды болуп,
Кара жер жайнамазы,
Беш убак намаз окуп,
Амир сап дават айтты, Фергана элин кошуп.
Исламды кабыл алып,
Көпчүлүк динге кирди,
Алланын жалгыздыгын, улуулугун,
Исламга кирген билди.
Кудайга Сахабалар,
Күн-түнү кулдук урду.
Түндөгү терезенин айнегиндей Булан кыздын,
Бир аян көкүрөгүн өйүп турду…
ШАХ-ЖАРИРДИН
АЛА-БУКА АЙМАГЫНА КЕЛГЕНИ
Жол жүрүп, белес ашып,
Шаарларды келди басып.
Кува-Сай, Анжияндан, Намангандан,
Шах-Жарир Ала-Бука аймагына,
Кайрылды Касан-Сайдан.
Жай алып Гүлистандан,
Чакырып таңда азан,
Чөлкөмүн Ала-Бука,
Жердешип Сахабалар көпкө турду.
Элдерге жергиликтүү дават айтып,
Күн – түнү сухбат курду.
Курандын тафсирлерин
Чечмелеп амир саптар айтып берди,
Жүрөгүн ойготом – деп,
Чакырып жыйындарга андагы элди:
– Ажырат адамзаада ак-караны,
Билгиле эмне адал, эмне арамды!
Тааныгын бир Алланы!
Кабыл ал исламды!
Кудайдын элчисин бил Пайгамбарды,
Мухаммад саллаллоху алейхи вассаламды.
Окугун ыйык китеп – Кураныңды,
Унутпа өлгөндөн соң о дүйнөдө,
Кудайга сурак берип турарыңды.
Ал жакта бейиш менен тозок барын,
Салбасын пендесине Кудай каарын!
Напсиңди агытпагын Кудай акы,
Жүрөгү тирүүлүктүн,
Үлбүрөп араң согот, дүйнө жарды.
Көз жашын көрбөсөм дейм,
Бийкечти жазыгы жок ыйлап турган,
Энени чүрпөсүнөн ажыраган,
Атаны чамгарагы кулап калган…
Баланы эч кими жок жалдыраган.
Көз жашын көрбөс болсом,
Пендени жүрөгү ачка, алсыраган!!!
Сен билген акыйкатың башка деди,
Тангының, эми аныңды ташта деди.
Миң жылдар жан дилиңе сиңип калган,
Теңириң эмес Кудай, Алла, деди.
Отпарас, бутпарастык,
Ширктиктин ишенимин өчүргүлө,
Табигый күн кечирүү бу да күнөө!
Суктанба, эркелебе, эсирбегин,
Тобоо кыл, күнөө ишке өкүнгүлө!
Даңктаба даанышмандын улуулугун,
Караба аялдардын сулуулугун.
Эзилип сүйө бербе балаңды да,
Ал тануу – бир Кудайдын Улуулугун!
Кудайдан ата-энеңди өйдө көрбө,
Хандарга, бектерге да чөгөлөбө!
Байлык же бийликти сен,
Кудайдан артык сүйсөң,
Күйөсүң ошолордон бир күйгөндө!..
Алланын пейли кенен, сүй Алланы.
Эркин бол, жүрөгүңө түй Алланы.
Ошондо жүрөгүңөн Алла-Таала,
Жай берет сен жактырган башкаларга.
Жүрөктө орун жалгыз Кудай үчүн,
Ошону көңүлүңө кыттай түйгүн.
Хан болгун, ноён болгун, харачу кул бол,
Кудайга алып барат бүт бардык жол!
Алланын жакшы көргөн пендеси сен,
Жашоого сыноо үчүн келгенсиң сен!
Саналып кыска өмүрдүн оош-кыйышы,
Сага орун же тозоктон, же бейиштен!..
Шондуктан өмүр кечир кадам санап,
Сезимиң, кыялынды чектөө талап!
Мынабу жалган дүйнө,
Демек, сыноо!..
Сыноодон такыбалар аман калат.
Өзүңдү чексиздиктен арачалап,
Кул болгун бир Кудайга, жан аманат!
Ашыкча сөз сүйлөбө жадагалса,
Жашагын бактыңды да таразалап!
Ошондо барар жериң бейиш болот,
Бейиштин эшиктери сегиз болот.
Бечара болгондугуң ажеп болуп,
Жарың – Үр, а жегениң жемиш болот!
Антпесең алоонгон күтөт тозок,
Күйгүзөт чокко кактап, жалынга ороп!..
– деген бир баяндарды,
Сахаба, табеиндер,
Тынымсыз жүрүп айтты кыштак бойлоп.
КЕРВАН-БАСТЫН
ШАХ-ЖАРИРГЕ НААРАЗЫЧЫЛЫГЫ
– Уккула улуу журтум,
Ичиме толду бугум!
Жашыруун көп сүйлөшүп,
Элимдин жүрөктөгү сырын уктум.
Сыртынан исламды кабыл алып,
Ичинен көп эл жүрөт наалып, азып.
“Азапка түштүк” дешип “Ала-Бука,”
Үшкүрөт, элдер ичтен санаа жута.
Согушсак жеңилебиз,
Биз дагы түптүү элбиз,
Эмнеге башка динди кабыл алып,
Эмнеге биз буларга эңилебиз?!
Киргизип арасына тыңчыларды,
Угалы бүт сырларды.
Калп айтып кабыл алдык, – деп туралы,
Жарир-Шах таңуулаган исламды…»
Деп айтып байкатпастан,
Тымызын жыйнап алып элин улам,
Уңгар чөлкөм башчысы Керван-Бастан,
Нааразы мына ушундай сөздөр чыккан!
Акылын Керван-Бастын,
Касан шаар башчысы Ихшид,
Илгиртпей колдоп сырттан.
Даярдап жоокерлерин,
Тымызын кутумдукту уюштурган…
ШАХ-ЖАРИР МЕНЕН
БУЛАН КЫЗДЫН СЫРДАШУУСУ
Булан кыз толгон эле жаңы он бешке,
Кадимки Үр кызындай аруу эле.
Каранын кайталангыс сулуусу эле,
Кареги кадалгандар бу сулууну
окшотчу Периштеге.
Жан дилин берип сүйүп Шах-Жарирди,
Көрсөм деп өз элимди, өз жеримди,
Күн сайын миң кайталап тилек кылчу,
А бирок жүрөгүндө,
Бир көйгөй дайым турчу.
– Эй, Булан! Булан! Булан!
Карегиң нени айтат балбылдаган?!
Сенсиз да мүшкүлү көп жазмышым бу,
Мени эми кайда алып барат, оюм туман…
Эй, Булан, Булан, Булан…
Бир кезде күңүм элең,
Өзгөрдү көз карашым сүйүү менен!
Жаркырап жалгыз жанат,
Таң менен кошо батат, Чолпон жылдыз,
Эмнени айта албастан,
Кылчактап кете албастан,
Элтеңдеп, элеңдейсиң, эй кара кыз!..
Оюңду же айтпайсың же кетпейсиң!
Эмне эле, мени тиктеп мелтирейсиң?..
Ооба, сен түн койнундай,
Болбосо көз жетпеген тереңдиктей,
Карасың. Капкарасың!
Өзүң да, көздөрүң да керемет эй!
Африка талаасысың!..
Түн элеп, кум учурган мейкиндиктей,
Көрбөгөм мен сендейди,
Көрбөгөм каректерим сопсоо туруп.
Көрбөгөн сендейлерди,
Көздүүнүн сокуру дейт мендейлерди.
Кайсактайм түз тиктебейм,
Кайтарам өз напсимден эми сени.
Мен сенден сезгим келет,
Мээрмин асмандагы периштенин.
Адамга колун сунуп келишкенин.
Алланын элчисинин айткандарын,
Аткарып кайтам баарын.
Ошондо өзүң менен баш кошомун,
Ошондо өзүң менен таң тосомун.
Кудайым берип койгон,
Көз мончогум…
– Ырахмат урматтуум,
Мен сизге ыраазымын,
Өмүрүм өткүчөктү,
Ак кызмат кыларым чын.
Кеменгер сиздей баатыр,
Эч жерден көрө албадым…
Мен сизден башка жанга,
Таптакыр көңүлүмдү бөлө албадым…
– деп экөө сырдашкан күн,
Жуманын таңы эле,
Багымдат окуп бүткөн жаңы эле…
ТЫҢЧЫ КЫЗ
Анан да ошол маалда,
Уңгардын башчысынын,
Кадимки Керван-Бастын,
Бир кызы Бүбү-Убайда эстүү жанды,
Таңуулап Жарир-Шахка,
Тыңчылык кылуу үчүн,
Никелеп берген эле зайыптыкка.
А бирок Бүбү-Убайда,
Кең пейил Жарир-Шахты,
Чын дилден жашап жүрүп сүйүп калды…
Баяндап айтчуу болсок ал сүйүүнү,
Жүрөктөн жалын чачып, дайра акты…
Сырларын айтмак тургай Жарир – Шахтын,
Көзүнүн карегинде тең айланды…
Ойлору орундалбай,
Керван-Бас ызаланып, азап тартты.
“Кызыңа кызматчы кыз керек!..” дешип,
Айлынан амал издеп бир кыз тапты.
Ошол кыз “оту менен кирип күндө,
Кайрадан күлү менен чыгып жатты…”
Бүт сырын билип бүтүп Жарир-Шахтын,
Аймактын башчылары,
Ихшит менен Керван-Баска,
Акырын кызматчы кыз бир сөз айтты:
– Арабдар ар аптанын жума күнү,
Чогулуп жума намаз окуганда.
Имамы узун сүрө окуп тынбай,
Баарысы уюп угуп отурганда.
Даярдап желдеттерди,
Нар кескен кылыч менен,
Чапкыла саждага баш коюшканда.
Арт жактан алга карай баштагыла,
Четинен башын кыйып таштагыла.
Токтобой шилтегиле кылычтарды,
Даярдап сарбаздардан мыктыларды.
Өмүрдөн намаз улук алар үчүн,
Намазын бузбайт алар аны түшүн.
Жумада курал болбойт колдорунда,
Куралсыз жоодон такыр коркпогула.
Мен кеттим, байкап калып жүрүшпөсүн,
Калганын ойлонгула, ойлонгула!..
ИМАМ УКРИМАНЫН АЯН ТҮШҮ
Имамы, арабдардын Укрима,
Түшүндө жолугушуп Пайгамбарга –
Мухаммад саллаллоху алейхи вассаламга,
Билген дейт бул кыргындын,
Болорун алдын-ала.
Аянды айтып берсе Шах-Жарирге,
– Алланын буйругуна айла канча!..
Ажалдан кимдер качып аман калган,
Көрөбүз Кудай нени башка салса!..
– деп жанын тапшырган дейт аманатка,
Сахаба, табеиндер бир Аллага…
КЕРВАН – БАСТЫН АРАПТАРГА
КОЛ САЛЫШЫ
Аргасыз кабыл алып исламды,
Жүрөгү ийбей турган,
Муг көчмөн уруулары,
Чогултуп он миңдеген кол курашып,
Казатка эми катуу даярданды.
Болжошуп ошол апта жума күнүн,
Угушуп түш чендеги азан үнүн.
Намазга турушканда бүт арабдар,
Келди деп мезгил бүгүн башын алар.
Кылычын кындан сууруп, даяр турду,
Буйрукту күтүп баары аяр турду.
Намазга турар кезде арабдардын?
Жыйнаган куралдарын,
Шаа мүйүз канжарларын, кылычтарын.
Байкатпай басып алды он миң сарбаз,
Калтырбай бүтүн баарын.
Парз окуп баш койгондо саждага,
Шилтенип кылыч тынбай кайра-кайра!
Жер бети кан аралаш башка толду,
Сарбаздар көз ирмемге токтолбоду.
Айтылуу «Ала-Бука,»
Жуурулуп кызыл канга,
Миңдеген табеиндер жерде жатты,
Башы менен дене башка!
Мас болуп ысык кандын илебине,
Калтаарып жүргөн канча…
Кадимки кыяматтын бир үзүмүн,
Көрдү го бу Гүлистан, “Ала-Бука”!
Кызыл кан агып турду,
Падыша-Ата суусу менен Чанач-Сайда!
Кыйылган баштар жерде топтой болуп,
Чыланып кызыл канга тоголонуп.
Кыяндай адам каны агып турду,
Соймоңдоп жаныбардай, ажыдаардай,
Кадимки жети баштуу жомоктогу.
Туу башы Кожо Аламдар,
Кырылып жатса дагы табеин, сахабалар,
Исламдын туусун жерге таштабады,
Чуркады тоо таяна,
Жүрөккө жаа жебеси батса дагы!
Алсырап жыгыларда, уулуна берип тууну,
– Түшпөсүн кылымдарга,
Көтөрүп тоо башына чурка!.. – деди,
Күрөшкүн уулум карап турба!.. – деди.
Уулунун туу көтөргөн,
Кадалды жаа жебеси буттарына,
Жаңырып жаалданган ачуу үн кулагына!
Алсырап жыгыларда,
Тиктешти бирин-бири ата-бала,
Кыйкырды буйрук кылып Кожо Аламдар,
Таң калып токтоп калды бүт адамдар!
– Таштабай тууну жерге,
Асманга ыргыт уулум!
Алланын амири менен
желбиреп түшпөй турсун!..
Дегенде болгон күчүн жыйнап туруп,
Алланы сүйүп жашып, ыйлап туруп,
Ыргытты тууну асманга,
Атанын улуу сөзүн сыйлап туруп!
Асманга аркан бою көтөрүлүп,
Желбиреп, жерге түшпөй туруп калды!
Алланын амиринин улуулугун,
Көргөн душман айласы куруп калды!..
Азыр да такыбалар көрүшөт, – дейт,
Исламдын асмандагы турган туусун,
Ошол туунун алдына коюлуптур
Кожо Аламдар табыты, дагы уулунун!
Бүгүнкү Кыргын-Талаа,
Ошондон аты калган уламышта…
Намазды сахабалар токтотподу,
Бирөө да сапты бузуп, эси чыгып.
Эки миң жети жүз жетимиш эки
баш кыйылып,
Бүткөндө, намаз бүттү кан сарыгып…
Куралсыз сахабалар, “жуманы” окуп бүтүп,
Аман-соо калгандары качып чыкты.
Соолору жарадарын, алып чыкты.
Шах-Жарир алган катуу жаракаттан,
Түнү бою улам, улам,
Эсинен танып чыкты.
Сан миң кол сахаба, табеиндер
Аргасыз кайра кайтты Мединага.
Жарир-Шах келди эсине,
Он күндүк жол жүргөндө эми гана.
Абалды айтып берди сахабалар,
Мындайда пенде кандай айла табар?!
Катарлаш басып жүрдү,
Периште Азирейил жанын алар…
Оту өчүп мунарыктап көз тунарды,
Эстеди ал Буланды.
Жүрөгү тарам-тарам тилинди да,
Канбады тирүүлүккө эч кумары.
Элеси көз алдында карап турду,
Күң кызы, Көзмончогу, Айтумары…
Желкеге көтөрүшүп Шах-Жарирди,
Меккеге табеиндер жол улады…
БУЛАН КЫЗ ШЕЙИТТЕРДИН АРАСЫНАН
ШАХ-ЖАРИРДИН БАШЫН ИЗДЕГЕНИ
Оо аттиң, арман дүйнө!
Опасыз жалган дүйнө!
Кесилип баштары жок денелери,
Көмүлбөй калган дүйнө!
Түпөйүл турган сезим ушул беле,
Буландын жүрөгүндө?!
Ити-куш жесин!.. – дешип!
Жазасын бердик!.. – дешип!
– Сөөктөрү көмүлбөсүн!
Тирүү жан кан майдандан көрүнбөсүн!
Ким эгер көмчү болсо,
Сахаба, Табеиндин сөөктөрүн,
Жазалайм, өкүнбөсүн!..
– деп айтып, буйрук кылып,
Керван – Бас, Ихшит экөө катуу турду.
Муг эли көмбөй койгон,
Эки миң жети жүз жетимиш эки
баш сөөктү,
Милдети Булан кызга,
Жүктөлдү сөөк көмүү.
Эч коркпой буйругунан Керван-Бастын,
– Көп болсо жан аласың!..
– деди да жалгыз өзү басып жүрдү,
Сереңдеп канын кечип ай-талаанын.
Буландын издегени,
Башы эле Жарир-Шахтын.
Көтөрүп улам-улам экиден баш,
Үстүнө алып келип кара таштын,
Суу менен жууп жатты,
Жеңи менен сүртүп жашын…
Эсептеп улам башты жууй берди,
Жүрөгүн үшүк чалып, сууй берди.
“…Эки миң жети жүз жетимиш эки,
Буйруса акыркы баш ушул!..” – деди.
Ичинен шейиттердин,
Таппады Шах-Жарирди.
– Аман-соо кетти бекен?..
Меккеге жетти бекен?.. – деп сүйлөнүп,
Баштарды жерге көмдү,
Кара кыз кан майданда жалгыз өзү!
Аталып калган ал жер «Каллахана,»
Атоо да мүмкүн эмес андан башка!
Башкача не деп атайт,
Эки миң жети жүз жетимиш эки,
Сахаба, табеиндин башы жатса?!
КУДАЙДЫН КУДУРЕТИ…
Кара кыз, капкара кыз африкалык,
Булакка жүзүн чайды тазаланып.
Тааныбай өзүн-өзү,
Булактан аппак кыздын өңүн көрдү.
Булуттай апапакай,
Чачтары ак боз аттын ак жалындай.
Алланын амиринин улуулугу ай!
Көргөн эл аң-таң болду кубулушту,
Көрүнүп зор Кудайдын улуулугу!
Айтылып бүтпөй келет уламыштар,
Ошондон ушул күнгө унутулбай.
Актыгын Алла өзү далилдеген,
Тагдырда жазмыштар сейрек мындай,
Ак кардай таза дүйнө,
Адамга берет Кудай жаратканда.
Таза же кир дүйнөнү,
Тандаган жалгыз өзү адамзаада.
Булан кыз ниетинин актыгынан,
таптаза жаштыгынан,
Кумарлуу дүйнө көрбөй,
Куранды бийик көрүп,
Аруулук азабынан көзүнүн жашын төгүп.
Аллага кулдук уруп,
Белин бек бууп туруп,
Аралап кан майданды,
Издеген чын дилинен Жарир-Шахты.
Тазартып жууп туруп,
Ээсине тапшырды го,
Эки миң жети жүз жетимиш эки башты…
Башкага көңүл бөлбөй,
Мазарды башкаларга ыраа көрбөй,
Көз нуру өчкүчөктү,
Өмүрү өткүчөктү,
Эркекти тик карабай,
Лаззатты түк самабай.
Мазарда шейиттерге кызмат кылган!
Болсо да Муг көчмөн эл,
Буланга сөөк өчтү катуу душман,
Баалашып тазалыгын, баатырдыгын,
Ат койгон ыйык кыз деп – Сафед-Булан.
АВТОРДУК БАЯНДОО
Алланын амири менен
Ак кызга айланган кыз!
Муг көчмөн фарс элинин,
Сыйына арзыган кыз!
Суранып башчысынан ошол элдер,
Өлүмдөн арачалап калтырган кыз!
Сафед-Булан!
Биз Сизге таң калабыз!..
Биз Сизге зыяратка көп барабыз…
“Меккеге болгон ажылык
– нурдан ибадат!
Сафед Буланга зыярат
– дилден ибадат!..”
– деп айтып «Сафед-Булан киссасында»
Улуу инсан Хаким-Халис,
Өзүнүн туюмдарын билдирген, – дейт,
Чөлкөмдүн элдерине ачык – калыс!..
Башы жок шейиттердин денелери,
Таптаза турган дешет кырк жыл бою.
Алланын амири менен,
Бир чымын конгон эмес бир да жолу!..
Чыныгы шейиттердин сөөктөрү,
Айтылат бузулбайт деп эң оболу.
Шах-Фазил шейиттерди көмдүргөн жер,
Аталып калган азыр «Дене мүрзө.»
Шах-Жарир атындагы «Кыргын мечит,»
Анан да Сафед-Булан,
Таанылды бүт дүйнөгө!
Арадан жылдар өтүп,
Баласы Жарир-Шахтын,
Небереси Керван-Бастын,
Шах-Фазил бул мазарда жашын төгүп.
Зыярат кылган, – дешет,
Буландын улуулугун айтып, өксүп…
Бүт жыйнап усталарды,
Кынаптап кышын бекем куйдурган, – дейт.
Миңдеген кылымдарга тура турган,
Күмбөзүн Булан кыздын курдурган дейт!
Урматтап тазалыгын,
Данакер Булан кыздын, бүгүн да күмбөзүнө,
Бир дагы эркек кирбейт!..
Бахпурбек Аленов
Возможно, это изображение 2 человека и река Арно
1-апрель, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 52
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X