Сакаясың деп алдашат!

Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана «Жарнама жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Тактап айтсак, эл өкүлү тамак-аш кошулмаларын жарнамалоону тартипке салууну көздөөдө.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси акыркы учурда өлкөдө тамак-аш кошулмаларын (БАД) сатуу бир топ көбөйгөнүн, бул продукциялардын олуттуу бөлүгү Кыргыз Республикасында, Евразия экономикалык биримдигинин башка мүчө мамлекеттеринде да мамлекеттик каттоодон өткөн эмес экендигин жүйө келтирип, мыйзамга өзгөртүүнү сунуштоодо.

Эске салсак, Кыргызстанда тамак-аш кошулмалары 2017-жылга чейин мыйзамдуу түрдө дары-дармектерге барабар деп эсептелген. Кийинчерээк алар бул тизмелерден алынып салынып, азык-түлүк продукциялары катары кайрадан классификацияланган. Бирок, мыйзам долбоорунун демилгечисинин айтымында, иш жүзүндө айрым тамак-аш кошулмаларын өндүрүүчүлөр жана сатуучулар жарнамада жалган маалыматтарды колдонуп, керектөөчүлөр арасында тамак-аш кошулмалары толук кандуу дарылоону алмаштыра алат деген жалган пикирди жаратып, өз продукцияларын дары катары көрсөтүүнү улантууда. Андыктан, мыйзам элди эмоцияларды манипуляциялоону жөнгө салууну көздөйт.

Тамак-аш кошулмалары дары эмес. Алар ооруну дарылабайт жана алдын албайт. Оор оорусу бар адам жарнамага ишенип, чыныгы дарылоодон баш тартат. Убакыт өтөт, ал эми оору күчөйт. Негизги коркунуч ушул жерде жатат. Андыктан мыйзам долбоорунда тамак-аш кошулмаларын жарнамалоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жаза чаралары көрүлмөкчү.  Ага ылайык, тамак-аш кошулмаларын жарнамалоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактарга эсептелген көрсөткүчтүн 150 эселенген өлчөмүндө (15 000 сом), ал эми юридикалык жактарга эсептелген көрсөткүчтүн 350 эселенген өлчөмүндө (35 000 сом) айып пул салуу сунушталууда.

Тамак-аш кошулмалары дүйнө жүзү боюнча кеңири колдонулат, бирок аларды жөнгө салуу ар бир өлкөдө ар кандай. Айрым өлкөлөрдө ден соолукка коркунуч келтирген, далилденбеген натыйжалуулук же сапатты көзөмөлдөө маселелеринен улам белгилүү бир кошулмалар же алардын бүтүндөй категорияларына тыюу салынган. Алсак, Кытай жана Сингапур сыяктуу өлкөлөр катуу тыюу салууларды колдонот.  Көптөгөн өлкөлөрдө тамак-аш кошулмалары рыногун этикеткалоо боюнча талаптар бар.


Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X