Саламаттык сактоо министрлиги эл аралык өнөктөштөр менен байланышты чыңдоодо

2026-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун федерациясынын (International Federation of Red Cross and Red Crescent Societies) президенти Кейт Форбс менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай коому жана IFRC ортосундагы учурдагы кызматташтыктын жыйынтыктарын талкуулап, коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын карап чыгышты.

Министр Дамир Осмонов өз сөзүндө Улуттук Кызыл Жарым Ай коому өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын ишенимдүү өнөктөшү болуп келгенин белгиледи. Анын айтымында, IFRC жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюм оорулардын алдын алуу, калктын ден соолугун чыңдоо, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу жана калктын аярлуу катмарларын колдоо багыттарында маанилүү иштерди жүргүзүп келет.Возможно, это изображение Овальный кабинет и текст

Тараптар кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдирип, калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун арттыруу боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанисин белгилешти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X