Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат МУКАНОВ: “МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН КАМСЫЗДАНДЫРЫЛГАНДАРДЫН САНЫ КӨБӨЙҮҮДӨ”
– Жакында Президент Садыр Жапаров «КРнын жарандарын медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койду. Документте кызмат көрсөтүүчүлөр өздөрүнүн сапаты жана көрсөтүү шарттары жөнүндө толук маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттүү боло тургандыгы айтылган. Мыйзамга кирген өзгөртүүлөр туурасында айтып берсеңиз?
– Өлкөбүздө жарандарды медициналык камсыздандыруу тууралуу мыйзам 1999-жылдан бери иштеп келе жатат. Бирок, ага жыл сайын зарылдыгына жараша өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип турат. Президентибиз кол койгон жаңы толуктоолор медициналык кызмат көрсөтүүнүн түрлөрү, сапаты жана шарттары жөнүндө кызмат көрсөтүүчүлөр боюнча маалыматты жарандарга ишенимдүү, толук берип, көрүнүктүү жерде жайгаштуруу милдетин коюуда.
Негизинен бул иш-чаралар саламаттык сактоо уюмдарында жасалып келген, ар бир мекемеде маалыматтык тактачалары болгон, бирок азыркы учурда мыйзам менен бекитилди. Биздин ар бир жаран саламаттык сактоо уюмуна кайрылганда өз укуктарын так билиши зарыл. Өз укуктарын билген жаран өзүн коргой алат.
Андан тышкары камсыздандырылган адамдарга көрсөтүлгөн медициналык жардам жөнүндө маалыматтардын жекелештирилген эсебин жүргүзүү боюнча толуктоо киргизилди. Жекелештирилген медициналык жардам жөнүндө маалыматтар, медициналык кызматтар «Түндүк» аркылуу санариптештирилген. Тактап айтсак, “Түндүк” аркылуу «Менин ден соолугум» деген шилтемеге кирип, өзүнүн жеке персонификацияланган номерин киргизсе, так маалыматтарды алса болот. Анда кайсы бейтапканага катталгандыгы, лабораториялык анализдер тууралуу маалымкаттар, кайсы ооруканага жатып чыккандыгы, эмгекке жарамсыздык баракчасы жөнүндө маалыматтар бар. Электрондук амбулаториялык картага үй-бүлөлүк дарыгер жазып берген дары-дармектерди көрүү мүмкүнчүлүгү да түзүлүп жатат. Негизинен азыр медициналык жактан камсыздандырууда бардык укуктар корголууда.
– Медициналык камсыздандырууну кимдер милдеттүү түрдө алышы керек?
– Мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан жана иштеп жаткан чет өлкөлүк адамдар, жарандыгы жок адамдар, качкындар жана кайрылмандар милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш.
Бүгүнкү күндө 16 жашка чейинки курактагы балдар, пенсионерлер, аскер кызматчылары, ай сайын социалдык жөлөкпул алган адамдар, орто жана жогорку окуу жайларынын күндүзгү окуу формасынын 21 жашка чейинки курактагы студенттери, калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын органдарында расмий катталган жумушсуздар жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүм төлөп иштеп жаткан жарандар камсыздандырылгандар болуп эсептелишет.
Ал эми расмий иштебеген жарандар, базарларда иштегендер, тигүүчүлөр патенттери жок болгон учурда камсыздандырылбагандардын катарына кирип калат. Камсыздандырылбаган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ММК полисин сатып алса болот. Анын наркы бир жылга 1 840 сомду түзөт. Ал эми чет өлкөлүк жарандар үчүн – бир жылга 11910 сомду түзөт.
Биз медициналык камсыздандыруунун пайдалуу жактары боюнча көп түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Азыр элибиз медициналык камсыздандыруунун артыкчылыктарын түшүнө баштады жана ММК полисин ишке ашыруусу кескин көбөйдү. Мисалы, 2021-жылы 3435 жаран камсыздандырылган болсо, 2025-жылы камсыздандырылгандардын саны 204745 жаранга жетти.
– Жарандар айрым учурларда анализдерди бекер тапшыра алышат. Калкка дагы кандай жеңилдиктер каралган?
– Мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары – МКП) бул саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик социалдык стандарт, анда жеңилдетилген шарттарда жана акысыз медициналык кызматтарды ким, кайда жана качан алары так жазылган. Жарандарды медициналык жардам менен камсыздоо боюнча МКПга ылайык жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө МКПнын алкагында шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардамдан баштап адистештирилген медициналык жардамга чейин амбулаториялык, стационардык шарттарда көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар каралган.
Медициналык кызматтарды акысыз же жеңилдетилген шарттарда алуу үчүн калк 3 шартты аткарышы керек. Алар үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна, Жалпы дарыгердик практикалык борборлоруна катталуу, үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу жана камсыздандыруу статусун алуу болуп эсептелет. Бирок, амбулаториялык деңгээлде бардык жарандарга, камсыздандырылган статусуна карабастан 20 профилактикалык, 21 диагностикалык кызматтар, 12 базалык лабораториялык изилдөөлөр акысыз көрсөтүлөт. Ал эми жаран камсыздандырылган болсо, дагы кошумча 42 лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү акысыз жана жеңилдетилген шартта ала алышат. Ошондой эле амбулаториялык деңгээлде реабилитациялык жана физиотерапиялык жардам адистин жолдомосу болгон учурда камсыздандырылган жарандарга 50% жеңилдик менен көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, калктын камсыздандырылган категориясы үчүн ММКнын кошумча программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен 50%га чейин жеңилдик менен камсыз болушат. Ооруканаларда медициналык жардам калктын камсыздандырылган категориясына оорунун профилине, саламаттык сактоо уюмунун деңгээлине жараша 840 сомдон 1510 сомго чейин орто деңгээлдеги кошумча төлөмдү төлөө менен көрсөтүлөт. Ал эми камсыздандырылбаган жарандар 8400 сомдон 14310 сомго чейин төлөшөт.
– Кээ бир жарандар сиз айтып жаткан акысыз анализдер, жеңилдетилген шарттар тууралуу жакшы билишпейт. Андыктан, сиздер маалымат менен камсыз кылууда активдүү болушуңуздар маанилүү.
– Албетте, ММК полиси жана медициналык камсыздандыруунун артыкчылыктары, жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо боюнча калктын медициналык жардам алуудагы укуктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында ММК фонду жана анын аймактык башкармалыктары тарабынан ар дайым жана үзгүлтүксүз маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. 2025-жылы калк менен 636 жолугушуу уюштурулган жана өткөрүлгөн, массалык маалымат каражаттарына медициналык камсыздандыруу жөнүндө 187 чыгуулар чыккан.
ММК фондунун социалдык тармактарында Facebook, Instagram жана Telegram-каналда расмий аккаунттары бар.
Бардыгы болуп 2025-жылы ММК фондунун сайтында 187 пресс-релиз, социалдык тармактарда 842 билдирүүлөр жана 92 видео-релиздер даярдалып жайгаштырылган. ММК фонду менен келишим боюнча иштеген бардык саламаттык сактоо уюмдарында маалымат такталарында ММК фондунун шыр байланыш 113 номерине кайрылуу жөнүндө да маалыматтар илинген. Ошондой эле камсыздандырылган жарандардын медициналык кызматтарды алуудагы артыкчылыктары жөнүндө видеороликтер «ЭЛТР», «Мир ТВ” каналдары, Нарын облустук телерадиокомпаниясы аркылуу, ошондой эле «Кыргызавтобекет», «Кыргызтемир жолу» мамлекеттик ишканасынын, «Манас» эл аралык аэропортунун күтүү залдарында көрсөтүлүүдө. Мындан тышкары, маалымат роликтерин көрсөтүү күн сайын саламаттыкты сактоо уюмдарынын залдарында жана ден соолукту чыңдоо кабинеттеринде орнотулган сыналгы аркылуу, ошондой эле социалдык тармактарда жүргүзүлөт.
Жазгүл Кенжетаева