Салык кызматы 3,3 млн сомдук эсепке алынбаган азык-түлүктү мыйзамсыз ташууга бөгөт койду

31-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88

Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө 3,3 миллион сомдук эсепке алынбаган азык-түлүк товарларын мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныктады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринен келген жүк ташуучу унааны текшерүү маалында ар кандай азык-түлүк товарлары тиешелүү коштомо товардык документтерсиз ташылып баратканы белгилүү болгон.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, эсепке алынбаган товарлардын жалпы наркы 3,3 миллион сомду түзөт.

Учурда аталган факт боюнча тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп, мыйзамга ылайык чаралар көрүлүүдө.

31-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X