Салык кызматы эки айда 26,1 млрд сом салык жыйнады

2022-жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 26 млрд 85,1 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады.

Маалыматка караганда бекитилген план 103,9 %га аткарылып, 987,3 млн сомго ашык чогултулган.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 11 млрд 890,5 млн сомго көп жыйналган же өсүү ыргагы 183,8 %ды түзгөн.

Анын ичинде февралда 15 млрд 758,9 млн сом салык жыйналды. План 2,4 %га же 367,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын февралына салыштырмалуу 8 млрд 120,3 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 206,3%).

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X