Салык кызматы компанияларды алкоголдук жана тамеки продукциясы боюнча пилоттук долбоорго кошулууга чакырат

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы компанияларды алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорго катышууга чакырат. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

«Кыргызстандын аймагында 2020-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилген пилоттук долбоорго катышуу компанияларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы токтомуна ылайык,  өлкөнүн аймагында 2021-жылдын 1-июлунан тартып киргизилүүчү алкоголдук жана тамеки продукциясынын милдеттүү түрдө маркаланышына даярданууга мүмкүнчүлүк берет»,- деп жазылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө долбоордо 17 компания, анын ичинде тамеки продукцияларын жүгүртүүнүн 5 катышуучусу жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана импорттоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн 12 субъект сунушталган. Алар «Top-Notch» ЖЧКсы — Japan Tabaco International расмий дистрибьютору, «Stella Group» ЖЧКсы — Philip Morris расмий дистрибьютору, «Табак Торг Сервис» ЖЧКсы — British American Tabaco расмий дистрибьютору, «Империал Тобакко Кыргызстан» ЖЧКсы — Imperial Tabaco расмий дистрибьютору; «Алкозай-СЭЗ» ЖЧКсы, ошондой эле «Кыргыз Коньягы», «Аю», «Столичный винно-водочный завод», «Бишкек Алко Пром», «FORESTER», «Аламан Трейд», «Вега Вет», «ДК Мастер и Ко», «Cronatrade», «Большая медведица», «Легион Азия Дистрибьюшн», «Винотека» ЖЧКлары.

Пилоттук долбоорго катышуу үчүн «Альфа Телеком» ЖАКтын тейлөө борборлоруна төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

Бишкек шаарында:

— Чыгыш-5 кичи району, Чүй проспекти, 32/б, «Изумруд» СБ жанында;

— Кожевенная көч, «Дордой» базары, 15-өтмөк, № 60-61 конт. («Бут кийимдер дүйнөсү»);

— Чүй проспекти, 204, «Берекет Гранд» СБ, 0-кабат;

— Айтматов проспекти, 3, «Asia Mall» СБ, 0-кабат.

Ош шаарында —  Масалиев проспекти, 2 (Каныкей эстелиги жакта).

Кара-Суу шаарында – Бакиев көч. номери жок (К. Жакыпов ат. мектеп-интернаты жакта).

Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты «Текшер» системасынын https://main.teksher.kg расмий сайтынан, ошондой эле МСКнын Маалымат борборунан акысыз 116 же 0 999 333 999 номерлери аркылуу алууга болот.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X