Салык кызматы рейд учурунда 3,6 млн сомдук мыйзамсыз күйүүчү майды аныктады
Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддик текшерүүлөрдүн жүрүшүндө молекулярдык маркерлери жок күйүүчү-майлоочу майларды ташуу жана сатуу фактылары аныкталды.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунда текшерүү учурунда маркаланбаган 60 миң 508 литр бензин ташып бара жаткан унаа кармалган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мыйзамсыз жүктүн базар баасы 3,6 млн сомдон ашат.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы май куюучу жайлардын биринде талапка жооп бербеген күйүүчү май сатылып жатканы аныкталган. Текшерүүдө АИ-92 үлгүсүндөгү 3,5 тонна бензинде молекулярдык маркерлер жок экени белгилүү болгон.
Мыйзам бузуу атайын анализатордун жардамы менен аныкталып, кийин «Учкун» ААКсындагы лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен тастыкталган.
Фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, чогултулган материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда бензин жана дизелдик отунду молекулярдык маркерлер аркылуу милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген. Талап импорттолгон жана өлкө ичинде өндүрүлгөн күйүүчү майларга да тиешелүү. Маркери жок күйүүчү майды алып кирүүгө, ташууга, сактоого жана сатууга тыюу салынат.