Салык кызматы январда 3,3 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын январь айында 3 млрд 352,9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул бекитилген план 108,2 пайызга аткарылды же 252,9 млн сомго ашык жыйналды дегенди билдирет.

2021-жылдын январь айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 834 млн сомго көп жыйналып,  өсүү темпи 133,1 %ды түзгөн.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X