Салык кызматы ЖЧК боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алды
Мамлекеттик салык кызматы жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) уюштуруучуларына субсидиардык жоопкерчиликти киргизүүнү караган мыйзам долбоорун кайра чакыртып алды.
Маалыматка ылайык, мындай чечим документтин жоболорун кошумча талдоо, эл аралык тажрыйбаны изилдөө жана анын экономикалык, укуктук кесепеттерин баалоо максатында кабыл алынган. Ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн, эксперттердин жана жарандардын пикирлерин эске алуу пландалууда.
Белгиленгендей, учурдагы мыйзамдарга ылайык, ЖЧКнын катышуучулары коомдун уставдык капиталына кошкон салымдарынын чегинде гана жоопкерчилик тартат жана компаниянын милдеттенмелери боюнча жеке мүлкү менен жооп беришпейт.
Салык кызматы инвестициялык климатты чыңдоого, укуктук жөнгө салуунун тең салмактуулугун камсыз кылууга жана салык төлөөчүлөр менен мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого багытталган ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иш улантыларын кошумчалады.